- Садыр Жапаровду шылтоолоп, бир үйдөн 7 кишини камакка алып, бийлик аша чаап кеткен жокпу?

 

Мавлян Аскарбеков, активист: 

 

- Садыр  Жапаровду камап, балдарын сабап, коркутам дегени бийликтегилердин башкаларга коңгуроо какканын кабар берет. Бирок,  Жапаров канчалык күнөөлүү болсо да, аны  камашса да бийликке эч ким ишенбейт. Мына, маселе ушунда. Бийлик Бакиевдин катасынан сабак албаптыр. Биздин элди коркутуп, күч менен башкарам дегендер жаңылышат. Акыйкаттуулук, калыстык орномоюн эл толкуй берет. Бир күн болбосо дагы бир күнү ууру, коррупционер бийликти сүрүп түшүрөт.

 

Чынайым Кутманалиева.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж