Парламенттеги жаштардын өкүлү делген Жанар Акаевди КСДП фракциясы катарынан чыгарып, ал ортодо мандатынан да ажыратыла турганы айтылып кеткен эле. Аны менен кошо депутаттык комиссиялардын курамынан да чыгарылды. Аталган фракциянын лидери Иса Өмүркуловдун журналисттерге билдиришинче, депутаттын көз карашы фракцияныкы менен дал келбей калган. “Жанар Акаевдин көз карашы фракцияныкына туура келбей калды. Бул маселе бүгүн эле чыккан жок, көптөн бери келе жаткан. Фракция менен көз карашы туура келбей жатса, өзү эле чыгып кеткени жакшы. Саясий кеңештин чечимин фракция колдоду. Ал эми депутаттык мандатына кол тийгизүүгө биздин укугубуз жок”,- деди Өмүркулов. Өз кезегинде Акаев партиялаштарына таарынычы жок экендигин айтып, депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берерин билдирди. Бирок президент Акаевдин мандатын эч ким албай турганын 24-марттагы журналисттер менен болгон жолугушууда баса белгилеп, “Кийинки шайлоодо көрөлүчү, Ж.Акаев өз алдынча депутат боло алат бекен?”,- деп да кошумчалады. Деги аны ушул эле президент Атамбаев өзү көчөдө микрофон көтөрүп жүргөн деңгээлинде эле пресс-катчылыкка дайындап, андан кийин депутаттык мандат берип, түшүнө кирбеген жомоктогудай карьера жасаган. Канткен менен жаш жигит бийликтин элге каршы саясатын колдобой, кайра каршы чыгып койгондугу өкүмдарга жакпай калды окшойт.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж