Кадырлуу Калк,

Урматтуу мекендештер!

 

I.

 

1. Аксы окуясынын негизги каарманы – Аксы эли, 2002 жылы бийликке мас болуп, байлыгына чиренип, көзүн май басып, эл менен эсептешпей, элди теңине албай калган президентти эсине келтирип, асмандан жерге түшүрүп, жалпы кыргыз элине эркиндиктин, азаттыктын, мекенчилдиктин, намыскөйлүктүн, эрдиктин үлгүсүн көрсөткөнү үчүн кыргыз тарыхында өчпөс барак болуп кала берет!

 

2. Бирок, бул окуядан бийлик дагы, саясатчылар дагы жана жалпы коом дагы сабак албаганын, тыянак чыгарбаганын өлкөдө бүгүн түзүлгөн саясий абал көрсөтүп турат.

 

3. Текебаев менен Чотонов камакка алынганда гана саясатчылар “бийлик репрессияга өттү” деген билдирүү менен чыгышты. Бирок чындыгында, саясий репрессияны бийлик бир жыл мурун, 2016-жылдын март айында баштаган эле.

 

4. Үн жазуулардан, видеолордон  үзүндүлөрдү алып, чындыкка окшоштуруп чаптап, жасалма, жалган болсо да, тынбай КТРК аркылуу көрсөтүп, элди ишендирип, күнөөсү жок төрт адамды 2016-ж. март айында камашты.

 

Тергөө иштеринде мыйзам бузуулар көп болгон үчүн, сот бул ишти жабык эшик артында карап жатат.

 

Акча, курал, план, жана башка түз далилдер болчу бир дагы буюм табылбаса, Асанов, Кадыровдон башка бир дагы адам айыпталбаса, бул ишке катышпаса, Сарыгулов менен акыркы жолу Кадыров, Асанов 2013-ж. жолукканы тергөөдө да, сотто да далилденсе, анан кантип эки адам бийликти басып алмак эле?!

 

Бир дагы акылы соо адам мындай жомокко ишенбегени менен, тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор ишенип жатышпайбы!!! Илгери эле бабаларыбыз “Токмок күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” - деп айткандай болуп жатат! Соттук эксперттер эмес, катардагы кызматчылардан жаздырып алган пикирлер, буга мыйзам тыйуу салса да, Карыбековко койгон айыптын далили болуп, аны 22 жыл эркинен ажыратууну прокурор талап кылбадыбы.

 

5. “Кумтөрдөгү” коррупцияга аралашкан, мамлекетке чыккынчылык кылган деп, үйүн 10 саат тинтип, 165 күн абакта негизсиз жана мыйзамсыз камалган Сарыгулов карыя Атамбаевдин түз буйругу менен: “Жазуучуларга берилген 50 млн.рублди Атамбаев жеп койгон”- деген Акаевдин билдирүүсүнө жооп берүү үчүн камалды. Сарыгуловду камап, “Акаев Кумтөрдөн  баланча миллион доллар пара алды деген көрсөтмө жазыдыры алгыла” деген тапшырмасын негизинде камалганы бүгүн белгилүү жана ачык болду.

 

6. Дал ушундай мыйзам бузуулар, жасалма үн жазуулардын негизинде Калматов, Талгарбеков, Гусев, Султанов, Колубаев камакка алынган. Демек, бийликке жакпай калган саясатчыларды жок кылуу максатында соттордон, прокурорлордон атайын чакан топ түзүлүп, башына УКМКнын төрагасын коюп, репрессияларды ишке ашырып, аягы өзүн актаган жасалма, жалаа ыкма менен Салянова, Шыкмататовко кылмыш иштери ачылып, Текебаев, Чотонов камакка алынып, бүгүн өлкөдө абал курчуп, Аксы окуясы кайталануу коркунучуна Кыргызстан учурап турат.

 

II.

 

7. Аксы окуясынан жана бүгүнкү саясий репрессиялардан кыргыз эли кандай сабак алышы керек?

 

Биринчи. 25 жыл ичинде бир дагы президент, бир дагы депутат, бир дагы министр эгерим, эч качан, эч ким, элге да жооп бербегени Конституция менен бекитилген. “Кыргыз мамлекети кыйрасын, эли тентип, жок болсун”- деген максат менен бул кыянаттыкты чет өлкөдү либерал-демократтардын кенешчилери жасашкан. Муну тез арада жоюп, бийлик элге, Элдик Курлтайга жылына бир жолу отчет берип, өз ишине баа алуусун Баш мыйзам менен бекитүү зарыл.

 

Экинчи. Президент жеке өзү гана күч органдардын жетекчилерин дайындаганын жокко чыгарып, аларды элдик Курултайдын макулдуугу менен дайындап, макулдугу менен иштен алууну Баш мыйзам менен бекитиш керек.

 

Үчүнчү. УКМК саясий репрессияларды 100 жыл бою жүргүзүп, бүгүн алтын, бангизат, адам сатуу менен алектенгени үчүн толук жоюлуп, анын ордуна чакан гана чалгындоо кызматын түзүү керек.

 

Төртүнчү. Сотторду эл гана шайлап, кылмыш кодексин толук кайра карап чыгуу зарыл.

 

Сөзүмдүн аягында. Аксы окуясы кайталанбасын десек, өлкөдө тынчтык, биримдик, ынтымак, саясий туруктуулук болсун десек, анда баарыбыз биригип, президентке кайрылалык:

 

- Саясий репрессияларды токтотсун.

 

- Аларды ишке ашырып келаткан Башпрокурор Жолдубаева И., УКМК төрагасы Сегизбаев А. кызматтарынан алынып, жоопко тартылсын.

 

- 11 саясий туткундар абактан бошотулуп, тергөө жана сот иштери ачык жүргүзүлсүн.

 

- Саясий туткундарга козголгон кылмыш иштеринин укук негиздерин иликтеп, баа берүү үчүн калыс топ түзүлсүн, мыйзам бузууларга барган тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор мыйзам негизинде жоопко тартылсын.

 

Сапар Аргымбаев,

Саясий туткундарды коргоо Комитетинин төрагасы,

17-март 2017-ж. Кербен айылы.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити