- Аида  Жеңишбековна, Текебаев камакка алынгандан кийин “Ата Мекен” партиясындагы кылмыш иши козголгон депутаттарды да Текебаевдин тагдыры күтүшү мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат...

 

- Толук мүмкүн. Анткени, бүгүнкү бийлик күчүн, убактысын каралаганга, жалаа жаап камаганга короткондон көрө өлкөдөгү чечилбей жаткан социалдык, экономикалык көйгөйлөргө коротсо болмок. Ага кудурети жетпейт. Ошон үчүн козголгон кылмыш иштер бул элди алаксытуу бир жагынан, экинчи жагынан саясий атаандаштыкты жок кылуу, аны менен бирге мыйзамсыз иш аракеттер үчүн жоопкерчиликтен качуу.

 

- Текебаевге тагылган алдамчылык, коррупционер деген айыптоолору бүгүнкү элдин ага болгон ишеничин солгундата алабы? Эмне бийликте Текебаевге андан башка каршы коё турган аргументтери жок беле?

 

- Мыйзамдуу жол менен Өмүрбек Текебаевге эч бир айып угуза алышмак эмес. Анткени, ал киши мыйзамды туу туткан киши. Ошол себептен кылмыш ишин жалаң фальсификация менен негиздешти. Биринчиден, 1 миллион доллар доо боюнча, россиялык бизнесмен кантип мүлк маселелерине тиешеси жок адамга ушунча акчаны берип койсун? Экинчиден, 2010-жылдын 12-июлунан баштап Өмүрбек Текебаев Убактылуу Өкмөттөн чыгып жумушсуз калган экен. Тергөөчү кантип айыпты кызматтык абалы менен колдонгон деп угузду? Кайсы мыйзамдын негизинде? Анан эң негизгиси Маевский “июлдун башында Текебаев Москвага келип менден акча сураган” дейт. Текебаев болсо июлда Москвага барган эмес экен. Июлдан мурунку дагы, кийинки дагы (июнь, август) айларында барбаптыр. Мына ушундай кылмыштуу жол менен бийлик Өмүрбек Текебаевди күнөөлөөдө.

 

- Бүгүн сиз парламентке “Ата Мекен” партиясы аркылуу келгениңизге өкүнбөйсүзбү, балким башка партия менен келсеңиз буга окшогон жагдайга кептелмек эместирсиз...

 

- “Ата-Мекен” партиясы аркылуу келгениме өкүнбөйм. Партиянын мага пайдасынан башка эч бир зыяны тийген жок. Тескерисинче, “Ата Мекен” партиясы менен сыймыктанам. Анын үстүнө жеке Атамбаев менен менин мамилем “Ата Мекен” менен шайлоого барганга чейин эле бузулган. Бул мамиле жакындарынын ага жеткизип жаткан маалыматын талдай албаганынын, жеке ичи таардык, көралбастык жана көз карандысыз прокурордун кереги жок болгондун айынан болгон.

 

- “Мага козголгон кылмыш ишинен коркпойм, өзүмдү өзүм мыйзам чегинде коргой алам”- деген позицияңыздан тая элексизби?

 

- Туура. Дагы деле ушул позицияны карманам. Кенедейимен бир Кудайга таянып келгем. Туугандарымдын, тааныштарымдын арасында бийлиги же байлыгы бар адам болгон эмес. Жалаң ак эмгегимдин артынан оозго алынып, мээнетим бааланып, чоң кызматтарга жеттим. Татаал жолдо тапкан кадырыма кол салып, атымды булгайбыз десе жаңылышат. Эртеби -кечби мен актыгымды далилдейм. Анткени чындык бирөө эле болот.

Башкы прокурор болуп турганда да мыйзам бузууга жол бербегенге аракет кылчумун. Мисалы, ошол кездеги мэр Кулматовдун митингдерди өткөрүүгө каршы бир токтомун жокко чыгаргам.

 

- Сөз эркиндиги үчүн болгон жөө жүрүштөн жаш активисттерди кармап кетүүгө эмне себеп болду деп ойлойсуз?

 

- Жөө жүрүштүн катышуучулары тараптан мыйзам бузуу болгон эмес. Бул да жарандык коомго, сөз эркиндигине болгон бийлик тарабынан кысым, коркутуу. Бирок алар мындай провакация менен абалды эле курчутуп атат. Уюштуруучулар тарабынан мэрия, милиция менен жөө жүрүш макулдашылган экен. Бирок, ага карабастан бийлик тосколдуктарды жаратты. Ошондой болсо дагы жөө жүрүш максатына жетти деп эсептейм.

 

- Президент өзүнүн дарегине айтылган сынга теригип оор айыптарды салууда, ошол эле учурда “Ата Мекен” партиясын “сасык” деп атады, бул үчүн мыйзам алдында  жооп береби?

 

- Мыйзам боюнча жооп бериши керек. Бирок, бүгүн мыйзамдар иштеп жатабы? Албетте, жок. Кылмыш иштери бир далили жок козголуп жатса, тынч жөө жүрүш аркылуу оюбузду билдиребиз деген жарандар камалып жатышса, соттун чечими жок саясый оппоненттерди мародер, коррупционер, алдамчы деп өлкө башчыбыз өзү атап атса, кантип мыйзам иштейт деп айтабыз?!

 

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” гезити, №10 (288), 21.03.2017-ж.