Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 551

 

“Чабал өрдөк эрте учат”,- деп баарынан мурда президенттик шайлоого барарын жар салып, пиар, элге жолугушуулар менен алектене баштаган Темир Сариевди туш тарабынан сындап жатышпады беле...

 

Бир топ убакыттан бери чоң саясаттын чордонунан алыстап, өз камылгасын көрүү менен айыл аралап кеткен Темикенин бул кадамдарын карапайым калк барган сайын жактыруу менен кабыл ала баштаганын белгилеп коюу зарыл. “Саясаттан тажадык. Үтүктү сайсаң да бири-бирин чукулап маанайды чөктүрүшөт. Ушулардын хай-вайы бүтпөс болду”,- деп турган жоон топ катмар бар. Мына ошолор Темир Сариевдин эл аралап, саясатты жыйнаштырып, Кыргызстанды кантип көтөрүү багытында ойлорун ортого салганын кубатташууда. Бу Темике саясаттан тажаган элди өзүнө кантип имерүүнү эми мыктылап өздөштүрүп алган окшойт. Балким, минтип эртелеп эл аралоосу жакшы жемиш берип, “баары бир мен кыйынмын” деп олтурган далайынын эсин оодарып жүрбөсүн... Убакыт көрсөтөт!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.