Учурда сот имаратынын алдына 200-300дөй, борбордук аянтка 100дөй адам чогулду.

 

Алардын алдына ЖК депутаттары Садык Шер-Нияз, Аида Салянова, укук коргоочулар Рита Карасартова, Турсунбек Акун чыгып сүйлөштү.

 

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык сотунда “Ата Мекен” партиясынын юристеринин Биринчи май райондук сотунун чечимине карата аппеляциялык арызы каралмак. Акыркы маалыматка караганда, абактагы “ата-мекенчилерди” Аскер сотунун имаратына алып кетишкен. Ошондуктан, митинг мындан тышкары Ала-Тоо аянтында жана Аскер сотунун имараты тарапта да уланат.

 

Базар-Коргон районунда жол боюнда 500дөй адам митингге чыккан. Алардын райондук администрация тарапка жөө жүрүш жасоо аракети милиция тарабынан токтотулган.