Сот адвокаттардын бири ооруп калганына байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, үй камагындагы Дастан Сарыгулов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, сот 22-мартта уланат.

 

Бийликти басып алууга аракеттенген деген айып менен камалган Улуттук оппозициялык кыймылдын төрт мүчөсү: Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековго сот өкүм чыгармак. Өткөн аптада Биринчи Май райондук сотунда жарыш сөз бүтүп, айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтышкан. Алар бир ооздон өздөрүнө коюлуп жаткан күнөөнү жокко чыгарышкан.

 

Прокуратура булардын ичинен Кадыров менен Асановду 15, Карыбековду 22, Сарыгуловду 12 жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү суроодо. Жактоочулар аларды актоону талап кылууда. Биринчи Май райондук соту карап жаткан сот башынан жабык өтүп келе жатат.

 

"Элдик парламент" оппозициялык кыймылдын аты аталган өкүлдөрү "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталып, 2016-жылдын май айында камалган.

 

"Азаттык"