Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековго бүгүн, 7-мартта сот өкүмү угузулуш ыктымалдыгын адвокат Акин Токтоналиев "Азаттыкка" билдирди. Өткөн аптада Биринчи Май райондук сотунда жарыш сөз бүтүп, айыпталуучуларга акыркы сөз берилген.

 

Мамлекеттик айыптоо Кадыров менен Асановду 15, Карыбековду 22, Сарыгуловду 12 жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү сураган. Жактоочулар сот отурумдары жабык өткөнүн мыйзамсыз деп, аларды актоону талап кылууда.

 

"Элдик парламент" деген оппозициялык кыймылдын аты аталган өкүлдөрү "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталып, 2016-жылдын май айында камалган. Арасында Дастан Сарыгулов гана бир нече ай Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин абагында отуруп, ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. 

 

Булак: "Азаттык"