Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 439

 

Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер кылып көрсөтүү боюнча "Ата Мекен" партиясынын чечими анын өзүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна партия мүчөсү, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алманбек Шыкмаматов билдирди:

 

-Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүү партия мүчөлөрүнүн демилгеси. Чечимди адвокаты аркылуу жөнөттүк. Өзү таанышып чыгат.

 

5-март күнү партия Бишкекте чукул жыйынга чогулуп, жемкорлук жана алдамчылык боюнча айыпталып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында жаткан Текебаевди мамлекет башчылыкка көрсөтүү сунушу жактырылган.

 

27-февралда кармалып, эки айга темир камалган Өмүрбек Текебаевдин партиялаштары жана тарапкерлери аны бошотуу талабы менен нааразылык акцияларын Бишкекте жана Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда улантышууда.

 

Президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Тактыга ат салышуу ниетин муруyку премьер-министр Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдиришкен. Ошондой эле Өмүрбек Бабановду парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясы көрсөткөн.

 

"Азаттык"