Бишкек, “Саясат.kg”.  Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Тилектеш Исаевдин ыйгарым укуктары бүгүнтөн тарта мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мындай чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынганын жана буга Исаевдин жеке арызы негиз болгонун "Азаттык" радиосу кабарлады.

 

КСДПнын ЖК депутаттыгына талапкерлер тизмеси боюнча кийинки кезекте Юридика академиясынын жетекчиси Канат Керезбеков турат. Андан кийин президенттик аппараттын мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов. 

 

Тилектешти эл жүз пайыз Икрамдын кадры жана үкаси экенин билет. Ошондуктан, бир жылча иштеген соң ал өз ордун акаси Илмияновго өткөзүп берүүнү чечкен окшойт. Демек, Икрам келери менен парламентке спикер болору чын чыгабы?