Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 273

 

Февраль айынын башында, КРын Жогорку сотунун пресс-кызматы Басма сөз каражаттар арасында  Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин туугандарына таандык болгон мүлктөр жана аны менен байланыштуу сот процесстеринин чечимдери тууралу “кызыктай” маалымат таратты. Жогорку соттун мындай чечими, учурда коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Себеби, бул пренценденттүү окуяны, башка бирөө үчүн туугандары жооп берет деген мыйзамда жазылбаган ыкманы “бөйрөктөн-шыйрак” чыгаргандай Жогорку сот өзү  колдонуп жатат. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн, биздин редакция Нариман Түлеевдин жактоочусу, адвокат Диас Мамбеталиев менен маектешип, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

 

- Алгач Жогорку сот Түлеевдин  иши боюнча эмне дегенин тагыраак түшүндүрүп бере аласызбы?

 

-Жогорку сот, тагыраак айтканда анын пресс-кызматы массалык маалымат каражаттарга Нариман Түлеевге козголгон кылмыш иши боюнча үч инстанциянын өкүмүнүн (райондук, шаардык жана Жогорку соттун) тизмесиндеги Түлеевдин жана анын туугандарынын камакта турган мүлктөрү, мамлекеттин пайдасына конфискациялансын деген билдирүү таратты.  Андан тышкары,  эмне үчүн мындай болгону боюнча  так жана даана маалымат берилген жок.

 

- Ошондо Жогорку соттун пресс-релизи  өкүмдө айтылганды кайталап жазып жатабы?  

 

-Жок, андай эмес. Алар атайылап, билип туруп жасап жатышат. Соттун өкүмүндө мүлктөрдү конфискация кылыш керек деген бир дагы сөз жок! Пресс-релиз аркылуу конфискациялоо боюнча такталбаган маалымат таралышын биз күткөнбүз. Анткени, Ленин районунун соту А.Сариев 29.07.2013 жылы чыгарган чечиминин резолюциялык бөлүгүндө Түлеевдин туугандарынын мүлктөрү көрсөтүлгөн, ал мүлктөр камакка алынган. Бирок, А.Сариев ошол мүлктөр боюнча тизмени көрсөтүп жатканда атайлап алар конфискацияланат дегенди белгилеген эмес, бул одоно мыйзам бузуу деп эсептелинет.

 

Маселенин мындай болгонун жактоочулар качан байкашты?

 

- Бул мурун эле билинген, шаардык сотто каралып жаткан мезгилде, андан кийин Жогорку сотто айтылып жатты. Биз ар кайсы инстанцияларда бир топ жолу баса белгилеп соттун өкүмү боюнча Түлеевдин туугандарынын мүлктөрү конфискацияланбаш керек деп айтканбыз. Бирок, ага карабастан Соттук департамент мыйзамдарды бузуп өзүнчө “өндүрүш” кылып, мүлктөрдү тизмелеп Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна (ФУГИ) өткөрүп берет, ал эми алар болсо аны кайрадан Мамкаттоодон өткөрүп фондго каттаттырып салышат.

 

- Буга чейин, бирөөлөрдүн ишине туугандары жооп беришкен эмес.  Ошондо мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду мыйзам бузуп жатабы?

 

- Азыркы учурда Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду мыйзамсыз иштерге барды, ал Түлеевдердин кыймылсыз мүлктөрүн мыйзамдарды одоно бузуп конфискациялап салды. Себеби, жогоруда айтылгандай Ленин районунун соту А.Сариев, чечимди чыгарып жаткан мезгилде, мүлктөрдү конфискациялаш  керек деген бөлүгүндө Түлеевдерге караштуу мүлк алыныш керек деген жери жок. Кыскача айтканда, конфискацияланыш керек деген бир дагы сөз жок.

 

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бир нерсеге окурмандардын көңүлүн бургум келет.  Нариман Түлеевдин иши келечекке күмөндүү ойлорду, сарсанааны жаратып койду. Себеби, биздин адилеттүүлүктүн деги эле соттордун тарыхында мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин, бирөөлөрдүн ишине туугандары жооп беришкен эмес. Ушул ыплас көрүнүштөрдүн баарын көрүп калыстык жана адилеттүүлүктү көзөмөлгө ала турган Жогорку сот байкамаксанга салып, тескери коомчулуктун башын айлантып, маалыматтарды бурмалап жатат. Ушинтип калыстыктан качып, тайсалдап тура берсе, анда эртеби, же кечпи баары бир мыйзам алдында жооп бергенге учур келет. Жогорку соттун айрым кызматкерлери, керек болсо кылмыш жоопкерчилигине тартылышы толук ыктымал.

 

-Сиздин оюңузча соттун өкүмүнүн конфискациялоо дегени туура эмес болуп жатабы?

 

-Биринчиден,  кандай гана иш болбосун конфискациялоо процесси мыйзамдуу жол менен жүрүшү керек. А бул иште болсо кайсыл бир чиновниктердин буйрутмасын аткарып жаткандары ачык эле көрүнүп калды. Мисал келтирели, 42-берененин Жазанын түрлөрү деген бөлүктө “Кылмыш жасаган адамдарга карата жазанын төмөндөгүдөй негизги түрлөрү колдонулушу мүмкүн” деп турат, “Соттолгондорго карата негизги жазалардан тышкары төмөндөгүдөй кошумча жазалар колдонулушу мүмкүн”. Анын 2 пункт катары “мүлкүн конфискациялоо” деген норма бар. Бирок ошону менен кошо, бул мыйзам сот  тарабынан күнөөлүү деп табылган гана адамга карата мамлекеттин атынан соттун өкүмү боюнча колдонулуучуга мажбурлоо чаралары колдонулат. 42- берененин маанисин, 52 берене толугу менен ачып, түшүндүрүп берет, аны дагы мисал келтирейин. Кылмыш-жаза кодексиндеги 52 мүлктү конфискациялоо деген беренеде көрсөтүлгөндөй  - соттолгондун гана мүлкү чара катары конфискациялоо жолу менен алынат, кыскача айтканда соттолгон адамга бул колдонулат. Башка кишилер кылмыш ишине тиешеси жоктордун мал-мүлкү алынбаш керек, аларга такыр тиешеси жок деген сөз.

 

Ал эми, Нариман Түлеевдин туугандары бул иштеги көрсөтүлгөн тизме боюнча эч кандай тиешеси жок. Демек алар соттолгон адамдар эмес, анда соттолбогон болушса аларга таандык болгон кыймылсыз мүлкүнө сот тийбеш керек эле. Демек, КРын Кылмыш-жаза кодекси боюнча карасак, аларга конфискациялоо деген чарасы такыр колдонулбаш керек. Ошондуктан бул соттун өкүмү, Түлеевдин туугандарынын мүлкүн алуу боюнча укуктук жактан негиз боло албайт.

 

Экинчиден, сот Аман Сариев ишке тиешеси жок болгон Түлеевдин туугандарынын мүлкүн негизсиз жана мыйзамсыз соттун өкүмүнө кошуп салган. Ал тизмени киргизгени менен, ошол мүлктөргө карата эмне кылыш керек экенин өкүмдө белгилеген жок. Тагыраак айтканда, алар конфискацияланыш керек деп дагы айтпады. Анткени менен азыркы мезгилге чейин ошол мүлктөрдүн абалы ар-сар.

 

- Биз Сизден маек алаардын алдында соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн алып, аны менен тааныштык, бирок андан тышкары башка силердин позицияңарды далилдей турган  фактылар барбы?

 

 -Өзүбүздүн оюбузду толугу менен далилдеш үчүн, же болбосо жаңылышып жатканыбызды билиш үчүн, мен расмий түрдө Россиянын Адилет министрлигинин алдындагы Федералдык соттук экспертизалык борборуна бизге чыгарган соттук өкүмдү лингвистикалык жактан карап жана баа бергиле деп кайрылгам. Анткени, соттун өкүмүнүн текстин 31-32 беттеринде, Нариман Түлеевдин туугандарынын мүлктөрү көрсөтүлгөн. Алар конфискацияланып мамлекеттин пайдасына кетеби? Ошол мүлктөргө байланыштуу кандай кадамдар болот? Өкүмдө жазылган айрым сөздөрдүн мааниси кандай, мисалы 32-беттеги 11 абзацта – “мамлекеттин пайдасына конфискацияланыш керек” дегенди кандай түшүнсө болот?

 

Силерде эмнеге жогорудагы экспертизаны Россияда өткөрдү дегене  суроо жаралышы ыктымал,  Тилекке каршы, бизде андай экспертизаларды өткөрбөйт экен. Ошондуктан аргасыз Россиянын экспертиза борборуна кайрылганга туура келди.

 

Эми экспертиза боюнча айтсам, өткөн айдын 13дө (13.01.2016) Россиянын экспертиза борбору лингвистикалык экспертизаны чыгарды, ал боюнча иликтөө актысы түзүлгөн №855/24-6 жана төмөнкү жыйынтыкка келген:

 

1.№ КИ-1178/12Б1 кылмыш иши боюнча 2013-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарынын Ленин райондук соттун чыккан өкүмүнүн текстиндеги 31-32 беттериндеги Нариман Түлеевге жана анын жакын туугандарына караштуу болгон мүлктөр конфискацияланып мамлекеттин пайдасына өткөрүлүш керек деген маалымат жок. Андан тышкары, өкүмдүн текстинде белгиленген мүлктөр боюнча кандай чара көрүү боюнча дагы эч нерсе айтылбайт.

 

2. Нариман Түлеевдин жакын туугандарына караштуу болгон мүлктөр жана соттун өкүмүнүн текстинде маалымат жок болгондуктан,  экспертизалык жыйынтыгыбыз  2017-жылдын 13-январь айындагы №4855/24-6 Россия Федерациясынын Адилет министрлигинин алдындагы Федералдык соттук экспертизалык борборунун Актысы менен аныкталат.

 

Кошумчалай турган болсом, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун конфискациялоо боюнча  өкүмү тууралуу түшүндүрүү алганга сотко кайрылышы, биздин оюбузду жана Экспертизалык борбордун жыйынтыгын далилдеп жатат деп айтсак болот. Анткени, соттун өкүмү боюнча, Түлеевдин туугандарынын мүлктөрүн конфискациялаш керек  деген бир тараптуу чечим кылбаш керек.

 

- Силер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып гезит аркылуу Жогорку сотко кайрылат белеңер?

 

-Албетте, Жогорку соттун пресс-кызматы коомчулуктун башын айлантып, маалыматты так бербей, аны бурмалады. Болуп жаткан процессте мыйзамдар абдан одоно бузулуп жатат. Бул жат көрүнү. Себеби, таза эмес айрым соттун кызматкерлери мүлккө көздөрүн кызартып жаткандай болуп турат. Мен суранат элем, соттун өкүмүнүн резолюциялык бөлүгүнө жакшы көңүл буруш керектигин. Анткени, салкын мамиле кылып, ийне-жибине чейин тактабай туруп бул ишке мамиле кыла турган болсоңор, анда тиешеси жок болгон бир топ үй-бүлөлөр жана алардын балдары талаада калган турат. Чынын айтканда алардын абалы абдан оор, маңдай тери менен тапкан оокатын азыр рейдердик жол менен басып алынганы турат. Акыры бул жамандыкка алып келиши толук мүмкүн. Азыркы жашоодо ким эле жөн өз оокатын, мал-мүлкүн, үй-жайын алагой деп эле берип салсын? Алар баардык мыйзамдуу жолдор менен коргонушат, бирок, керек болсо көчөгө чыгып, айла кетсе башкача кадамдарга барганга даяр экен.  Кылмыш ишине такыр тиешеси жок, күнөөсү жок жана соттолбогон башка эле адамдар бир чалагайым соттун чечиминин айынан баарынан айрылганы турушат. Ушул адилеттүүлүкпү, калыстык кайда? Соттор деле бирөөлөрдүн буйруктарын аткарбай бир аз ойлонушу керек. Бул заман деле бат эле өтөт, тарых баарын көрсөтөт, убакыт баарын таразалайт.

 

Ошондуктан мен дагы бир ирээт суранат элем соттордон, бир топ адамдардын өмүрү, турмушу оюнчук эмес, бул маселеге, көйгөйгө жоопкерчилик менен мамиле кылып, ушул ишти калысу карап берсеңер. Андан тышкары эскертким келет, мүлктөрдү конфискациялоо боюнча кандайдыр бир деңгээлдеги аракеттер жана кадамдар боло турган болсо, аларды рейдердик жол менен ишке ашыргандар акыры кылмыш жоопкерчилигине тартылып мыйзам алдында толугу менен жооп беришет.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити