Эсиңиздерде болсо, буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын үч депутаты – Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун “Southfield Management Inc” компаниясынын кызыкчылыгын коргоп бергени үчүн “Мегакомдон” үлүш алууга ниеттенгенин же жоктугун билүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн болчу.

 

Жакында эле бул комиссия Мамлекеттик салык кызматына кайрылып, “ата-мекенчи” депутаттарды баш кылып, бардык туугандарынын төлөмдөрү боюнча маалымат сурады. Тизмеде Ө.Текебаевдин 8 жаштагы кызы менен 86 жаштагы апасы да бар. Буга байланыштуу кечээ “ата-мекенчилер” билдирүү жасады.

 

“Ата Мекен” бийлик канчалык чагым салбасын, алардын “Белизгейт” боюнча күнөөсү далилденбегенине көңүл буруу менен бирге, минтип 2005-жылдан берки партия лидерлеринин, жакын туугандарынын салыгын текшерүү аракети катардагы өч алуу болуп жатканын айтууда. “Президент өзү жана үй-бүлөсүнүн каражаттары тууралуу биз чыгарган маалыматка катуу ачууланганы көрүнүп турат. Анын декларациясынан биз Атамбаев бүт дүйнөгө мактана тургудай деле бай эмес экенин көрдүк. Ошону менен бирге, президент 2011-жылдан кийин колуктусунун эсебине кантип бир нече миллион доллар түшүп калганын түшүндүрүп бере албай жатат. Өз убагында Максим Бакиевге тийешелүү участокто бассейни менен көп кабаттуу үйдү кайсы акчасына салып жатканын айтып бере алган жок. Айла кеткенде ачуусун бизден чыгарып жатат. Б.а. президент “Ата Мекенден” өч алып жатат”,- делет партиянын кайрылуусунда.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.