Өз көлөкөсүнө корккон КТРКны жетекчиси Илим Карыпбеков “бизде Ак үйдүн тапшырмасынан башка саясат жок”- деген тариздеги принципте иш алып баратканына көп болду. Ошондон улам, бийликке мурда-кийин бир аз болсо да сын айткан ким болбосун, эфирге такыр жолотулбай калды.

 

Саясатчылардыкы го түшүнүктүү. Жакында мындай кырдаалга белгилүү куудул Тынар Курбаналиев тушукту. Бул жигитти билесиңер, буга чейин сатираларында бийликти жакшы эле “шыбап”, анысы үчүн КСДПнын учурда “куулуп кеткен” депутаты Мээрбек Мискенбаевден жеме жеп, зыяны бүтүндөй юмористтерге тийе жаздаган. Ошондо КСДПчы депутат бийликти сындаган куудулдардын ишин чектеш керектигин айтып ызы-чуу салган. Мээрбек кеткен менен, анын сөзүн Илим Карыпбеков кулагына илип алганбы, айтор, “концертимдин рекламасын чыгарып койгула” деп куудул Тынар барса, дароо баш тартышыптыр. 30 секунддук жарнама баасы КТРКда олчойгон акча. Ошондо да баш тартып атканын кара. Эми “ляппайский” саясат КТРКнын рекламаларына да жайыла баштаганы бүт коомчулукта нааразычылык жаратууда.

 

Тынар Курбаналиевдин айтымында, бул анын саясий сатиралары үчүн бут тосуу болуп эсептелет. Бул айда КТРКнын эфиринде реклама үчүн убакыт аз. Бир күндө эки-үч мүнөт эле берилет. Убакыт тартыштыгына байланыштуу ала албадык”,- деп актанып жатат КТКР жетекчилиги. Ой, КТРКны көргөн адам рекламадан тажап, башы ооруп жатканын көрүп турабыз го. Жалганды да окшоштуруп айтпайсыңарбы!

 

КТРКнын ордуна биз жарнамалап коелу, Тынар Курбаналиевдин куудул Рахман Разыков менен биргелешкен юмор кечеси 27-28-февралда Бишкектеги Спорт ордосунда болот. Баса, Спорт ордосун ижарага алышкандары да өзүнчө бир комедия. Аны шашпай айтып берербиз.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.