Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин расмий жолугушууларда, иш сапарларында, басма сөз жыйындарында, маектеринде кээде ойду-тоону дөөдүрөй саларын билип, ага көнүп деле калбадыкпы. АШАнын короосундагы серепчилер президенттин мындай сапатын “бул анын өтө ачыктыгын, көңүлүндөгү нерсени түз айтканын көрсөтөт, кана эми баарыбыз ошондой болсок”,- деп актап келишет.

 

Кыргыз саясатчылары, каршылаштары, ички маселелер боюнча мейли айта берсин, бирок эл аралык деңгээлде кетирген каталары анын тушунда көп эле болду го. Бул акыры барып ошол өлкөлөр менен мамилебиздин солгундашына алып келип жатпайбы. Мына ошондой мамлекеттер аралык алакага доо кетирчү сөздү өткөн жумада Алмазбек Атамбаев “Euronews” телеканалына берген маегинде айткан. “Биз кимдир бирөө менен соода кылып, коңшулар менен иштешибиз керек. Эгерде ЕАЭБга кирбесек бизди блокада коркунучу тооруп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе. Эгер бизге альтернативалар сунушталбаса, биз кайсы жакка кошулубуз керек? Ооганстангабы? Биз Евробиримдикке бүгүн эле кошулууга даярбыз. Мен муну да сунуштагам. Бирок алар биздин чектеш чек арабыз жок деп ачык айтышты”,- деген болчу мамлекет башчысы.

 

Учурунда “президент Назарбаевге тизелесем да Каркыраны кайтарып берем”,- деп бир айтып аткарбай, андан соң аны мактаган кеп-сөздөрүн барган сайын даңазалап келген Атамбаевди казак ажосу инисиндей жакшы көрөрү айтылып жаткан эле. Ошондуктан, казактар үчүн биздин президенттин бул сөздөрү ок тийгендей эле болду. “Бул билдирүүнү Казакстанда нааразылык менен кабыл алышты. Таң калууну жаратты деп айтсам да болот. Себеби, бул билдирүүнү апрель окуясынан жети жыл өткөндөн кийин азыр жасоого зарылдык бар беле деген суроо туулат. Бир жагынан эки ыңкылаптан кийин кулатылган президенттерге казак бийлиги колдоо көрсөтүшү учурдагы кыргыз бийлигине жакпашы мүмкүн. Бирок убагы өткөн соң аны айтуу менен мамилени бузуу зарыл беле?”- деп айтат казакстандык саясат талдочу Досым Сатпаев.

 

Көп өтпөй Казакстандын Тышкы иштер министрлиги “бул билдирүү боюнча кыргыз тараптан түшүндүрмө күтүп жатабыз”- деген билдирүү жасады. Эми казак туугандарга кандай түшүндүрмө берет, күтө туралы.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.