Өткөн жумада экс-депутат, коомдук ишмер Карганбек Самаковдун үстүнөн Лебединовка айылына караштуу 260 гектар жерди мыйзамсыз траснформациялап ийгендиги айтылып, козголгон кылмыш иши боюнча соттук олтурум уланды. Мамлекеттик айыптоо К.Самаковду үй-мүлкүн конфискациялап, класттык чиндеринен ажыратып, 19 жылга эркинен ажыратууну талап кылып жатат.

 

Негизи, бул соттук иш боюнча өзүнчө кино тартса да болчудай. Баштап, кылмыш иши козголгондо К.Самаковду коркунучтуу кылмышкерден бетер тынбай жамандашты эле. Бирок, бара-бара тергөөдө К.Самаковго каршы көрсөтмө бергендер оюндан чыгышып, басым, коркутуулардан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушканын билдирип чыгышканы кызык. Маселен, бир кездери К.Самаковдун жардамчысы болуп жүргөн Абай Таштанбеков тергөөгө айткан нерселерди “Жаңы Ордо” гезитине чыккан сандан-санга кеткен “сериалда” да кеңири айтып бербеди беле. Эми ошонун баарынан баш тартып жатканы бул баланын кадимки азгырылма байкуш экенин далилдеп турат. Негизи иш ошол баланын көрсөтмөлөрүнө таянып ачылган да. Азыр мамлекеттик айыптоочулардын таянар тоосу бир гана Нурлан Асанов деген шылуун болуп калууда. Окурман журтуна бул бала элди “чарчы метри 100 доллардан батир салып берем” деп алдап акча чогултканынын жакшы билишет. Ошентип, баарын таразалап келгенде, кылмыш иши ошо кездеги башпрокурор Аида Салянова тарабынан негизсиз козголгондугуна келип такалганы калды. Тиги өз сөзүнөн танып кеткендер деле прокурорлор кыйноо жолу менен көрсөтмө алышканын айтып чыгышты го.

 

Азыр Аида Салянова бийликтин тап душмандарынын катарында. Ошондуктан, бийлик Карганбек Самаковдун ишин да ага каршы колдонуу ниетин жашырган жок. Минтип жасалма иш козгогонун К.Самаковду актоо менен далилдесе, Аида айымды “колу таза эмес” деп “жугунду куюуга” жакшы шылтоо табылат эмеспи. А Карганбек мырза чын эле тазабы же жокпу, аны бир Кудай билет. Саясат ушундай экен, бүгүн күнөөлүү болсоң, эртең абал өзгөрүп, акактай таза болуп чыга келет турбайсыңбы.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.