Таластыктар толкуса эле ал жалпы өлкө аймагына тарап, революция же төңкөрүш болуп кетчү эле. Эмнегедир быйыл да жаз алды менен Манас атабыздын урпактары албууттанып туру. Анын негизги себеби, мамлекеттик бийликти “кулатууну” көздөгөнү бийликчил масс-медиа аркылуу айтылып келаткан, жашы жетимиштен ашып калган Д.Сарыгулов аксакалды мамлекеттик айыптоочулар он жылдан ашык мөөнөткө камоону суранып жаткандыгы. Дастан аганын кең көкүрөк, духу бийик инилери мындайда карап турчубу, өткөндө “Д. Сарыгуловду коргоо комитетин” түзүп жиберген.  Азыр алар соттун чечими кандай болорун күтүп, кокус “чоң казат” болуп кетеби деп даярданып жатышат. Биринчиден, бир эле Дастан ага эмес, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров жана башка азыр УКМКнын тергөө абагында отурган жигиттердин чындап эле “путч” уюштургандыгы далилдене элек. Экинчиден, аларды эки ирет төңкөрүш, революциядан көңүлү үч көчкөн журттай калган эл колдоп кетиши да күмөн болчу. Бул жагын өздөрү жети жыл мурда төңкөрүш менен бийликке келген азыркы Ак үйдөгүлөр жакшы билиш керек эле. Эгер сот чындап эле “эл думшманы, бийликти тартып алууну көздөгөн” адамды камап жиберсе, анда бүтүндөй Талас эли Манас кытайды чапкандай же таластыктар 2010-жылы Ак үйдү басып алгандай эле Бишкекти көздөй жөнөшөт го...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.