Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин өткөн жума аягында Euronews телеканалына берген маегинде айткан сөзү боюнча кыргыз тараптан түшүндүрмө күтүүдө.

 

Бул тууралуу Tengrinews маалымат агенттиги кабарлады.

 

Анда Президент интервью берип жатып  Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө мындайча жооп берген: "Биз кимдир бирөө менен соода кылып, коӊшулар менен иштешибиз керек. Эгерде ЕАЭБга кирбесек бизди блокада коркунучу тооруп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе".

 

Бул пикири боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы «бул билдирүү боюнча кыргыз тараптан түшүндүрмө күтүп жатабыз” — дегенин казак маалымат агенттиги жазып чыкты.

 

Булак: "Марал"