Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында 13-февралда “Саясат - социалдык ызы-чуусуз. Шайлоолор - бурмалоосуз” деген аталышта саясый форум болду.

 

Бул иш-чарага азыркы жана мурдагы депутаттар, коомдук ишмерлер, ӨЭУлардын өкүлдөрү, журналисттер жана жаштар парламентинин мүчөлөрү катышышты. Саясый форумдун катышуучулары ар кандай маанайдагы көз караштарга карабастан, алар демократиялык кайра түзүүлөрдү мындан ары да өнүктүрүүгө жана коомдогу саясый кырдаалды туруксуздаштыруу ниети жок экендиктерин билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар өздөрү тарабынан жазылган алдыдагы президенттик шайлоодо добуштарды бурмалоого тыюу салган жана таза шайлоо өткөрүүнү камсыз кыла турган резолюциянын долбоорун талкуулашты.

 

Жыйындын оппозиция тараптагы столунда ЖКнын экс-депутаттары Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков,  Жылдыз Жолдошева, Кубатбек Байболов, учурдагы депутат Өмүрбек Текебаев,  коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Адиль Турдукулов жана башкалар отурушту. Оппозиционерлер шайлоо процессинин өткөрүлүшүнө нааразы экендиктерин жана ага өкмөт менен учурдагы бийликти күнөөлүү деп эсептешерин ачык эле айтышты. Катышуучулардын сөзүнөн алар мамлекет башчы президенттик шайлоого мураскорун сунуш кыларынан чочулай тургандыктары байкалып турду.

 

“Атамбаевден кийинки доор эмитен эле башталды жана ал сөзсүз келет. Шайлоо адилет жана ачык-айкын өтүүсү үчүн мураскор болбош керек. Бул резолюциянын 2-пунктуна ылайык, келечектеги жана кийинки президенттер кайсы-бир партиянын мүчөсү болбош керек”,- деди Ө. Текебаев.  

 

Дагы бир оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков сот системасындагы көйгөйлөр, Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жана башкалар тууралуу айтты. Андан соң сөз сүйлөгөн К.Ташиев дал ушул сот системасынын запкысын түздөн-түз башынан өткөргөндүгүн белгилеп, ушул залда отургандыгына кубанычта экендигин кошумчалады. “Биз кечээ эле баарыбыз чогуу сиздер менен оппозицияда болбодук беле, азыр болсо кайрадан эле өлкөбүздүн келечеги үчүн бир столго чогулуп отурабыз. Ар бир шайлоонун алдында “шайлоо таза өтсүн” сыяктуу бүгүнкүдөй форумдар өтүп, мен бардыгына катышып турам. Бирок баары бир шайлоолор таза өтпөй жатат. Бүгүнкү форумда 2011-жылкы президенттик шайлоого катышкандар отурат. Алардын бири менмин. Ал шайлоодо жүз миңдеген шайлоочулар добуш бере албай калышкан. Ошондой эле автобустар менен адамдарды шайлоо участкаларына ташып жүрүшкөнүн өзүм көргөм. Ошол шайлоо туура эмес өттү деп эч ким айткан жок, биз эле айтып чыктык. Ошондуктан бүгүнкү форумда айтылган сөздөр сөз бойдон калбай, ишке ашырыш керек. Президенттин мураскер калтыруусуна абайлап мамиле жасайлы. Балким, Алмаз Шаршенович “мен баарын түшүндүм, эми мамлекет үчүн иштейли, мураскер катары Өмүрбек Чиркешовичти колдогула”- десе эмне үчүн биз президенттин мураскерин колдобошубуз керек? “Саясатчы катары деңгээли жогору адам, мен ушуну мураскер кылып жарыялайм, Адахан Кимсанбаевичти шайлагыла”,- десе эмнеге биз шайлабашыбыз керек?”,- деди К.Ташиев.

 

Мындан тышкары К.Ташиев аталган документтин 2-пункту менен макул эместигин билдирип, мурдагы президенттин саясый партиянын мүчөсү болуу укугунан ажыратпоо керектигине токтолду. “Эгер мен президент болуп калсам, анда  мөөнөтүм бүткөн соң саясый турмушка кайрадан өз партиямдын жетекчиси катары аралашкым келет”,- деди.

 

Жыйынды алып барып жаткандардын ичинен жалгыз эле Арслан Малиев добуштарды сатып алуу көйгөйүн чечүү үчүн резолюцияга төмөндөгүдөй пунктту сунуш кылды: “Акча шайлоолордо кыймылдаткыч күч болбошу керек. Эгер партиялардын бири добуш сатып алуу аракетин көрсө, анда шайлоодон четтетилиши керек. Мыйзам аткарылган учурда президент да өз милдетин аткарууга мажбур болот жана биз анын аты-жөнүн деле билбей калабыз. Себеби сунушталган шарт баардыгын канааттандырат”.

 

Ал ортодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров президент Алмазбек Атамбаев шайлоодо өзү добуш сатып алып жатканын мойнуна алып жатканын айтып өттү. “Өзү айтып өттү го, “башкалар көбүрөөк, биз азыраак добуш сатып алып жатабыз” деп. Анан кантип биз таза шайлоо өтөрүнөн үмүт кылып ишенебиз?! Азыр, эл эмес, Мамлекеттик катттоо кызматынын акылдуу эсептегичтери шайлап жатат. Алмаз Шаршенович “бийликтен алыс кетпейм. Эгерде менден кийинки келген президент жакшы иштебесе, жогору жактан түшүп келе калам” деп жатат. Эмне, ал жогору жактагы үйүнөн түшүп келе калып таасир эткидей Кыргызстан ага Ачык акционердик коом беле? Ал улуттун кадыр баркына шек келтирип жатат. Ошол себептен анын мураскер калтыруу аракетине каршы туруп, бөгөт коюшубуз керек”,- деди А.Мадумаров.

 

Саясий форум өз максатына жеттиби-жокпу, аны ар кимиси өз алдынча таразалап алганы оң. Бирок, өлкө оор абалга тушуккан маалда оппозициялык маанайдагы саясатчылардын минтип чогуу-чаран чогулуп, “бир жеңден кол чыгаралы...”- дей башташы жакшы көрүнүш. Албетте, булардын чогула башташы бийликти катуу ойлонтууда. Жөн гана “шайлоо таза өтсүн”- деп койгондорун көрө албай, өйдө-ылдый жугунду куюп, жаманатты кылууга өтүшөрү го күн мурунтан белгилүү. Анткен менен, чындык сөзүн айткандын ар бирине эле асыла берген бийликте кадыр-барка акырында калабы?

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg