Бүгүн АКИпресс маалымат агенттигинде Коррупцияга каршы эксперттик кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин кандидаты Кайрат Осмоналиев маалымдагандай, бул жер участогун учурунда “Глобал Эдвертайзинг” компаниясынан Максим Бакиев тартып алып, өзүнө караштуу “ЭлитДомСтрой” ишканасына каттатып алган. Революциядан кийин ал участокту “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шердин иниси Баткен иштетип, унаа токтотуучу жай ж.б. нерселерден түшкөн каражаттан чөнтөгүн кампайтып келатыптыр.

 

 

Угушубузга караганда, Максим Бакиевдин мүлктөрү боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Канат Исаев ушу “ата-мекенчилерге” болушуп, “Скрябин 45” маселесин көтөргөн. Көрсө, “Глобал” мыйзамдуу негизде тарттырып ийген жерге болгон укугун калыбына келтиргенде К.Исаевге Баткен Шер барган имиш. Анан гана Исаев “Глобалдын” жетекчисин чакырып, ишти “өз ара бүтүрүүнү” сунуштайт. Б.а. түшчү пайданы бөлүшүп туруу сунушталат.

 

6 жылдан бери алып жатып, тойбогон мародерлорго бирок “Глобал” макул болбойт. Ошондо алар соттун чечимин аткарган Мамкаттоо төрагасы Т.Сарпашевди “жыгып”, документтерди жасоо жолу менен жерди өздөрүнө сактап калууну максаты кылышса керек го.

 

Бүгүн АКИпрессте Кайрат Осмоналиев аталган жер участок боюнча 2016-жылдын 2-ноябрындагы Бишкек шаардык сотунун буга чейинки “Глобалдын” укугун тааныган район аралык соттун чечимин жокко чыгарган бүтүмү жасалма экенин далилдеди.

 

Биринчиден, Башкы прокуратура да, депкомиссия да бетке кармап аткан Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрындагы чечиминде соттук коллегияга төрагалык кылуучу А.Алыбаевдин да, судья А.Рыбалкинанын да колдору коюлган эмес. Жалгыз судья Д.Мулюкбаеванын колу турат. Демек, жараксыз.

 

Экинчиден, юристтер тарабынан көрсөтүлгөн документке ылайык, 2016-жылдын 2-ноябрында эч кандай сот процесси болгон эмес. “Глобалдын” адвокаты Асель Жолдошеванын айтымында, 2-ноябрда сот “ЭлитДомСтройдун” өкүлү жана судья Рыбалкинанын келбей калагынына байланыштуу болбой калып, 22-ноябрга жылдырылган. Бул чечимге төрагалык кылуучу А.Алыбаев да, судья Рыбалкина да колдорун койгон. Б.а. мыйзамдуу.

 

Ошондон улам, Сарпашевдин отставкасы атайын уюштурулган оюн экени ачыкка чыкты. Образдуу айтканда, эгер биз мародерлорду “Титаниктей” күчтүү суу лайнерине түшүп бараткан десек, алар жолдон жолуккан айсбергди (аны мыйзам дейли) тебелеп өтүп кетебиз дешкен. Бирок, мыйзам катуу экен, өздөрү эми чөгө баштады.