- Бакыт мырза, сиздер актуалдуу темага айланган Скрябин көчөсүндөгү Максим Бакиевге таандык жердин айланасында иликтөө иштерин жүргүзүп жатыптырсыңар. Бул маселе Мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге урулган сокку болду. Сарпашев жерди Максимдин жакындарына кайтарып берген деп күнөөлөнүп жатат. анын бул иш боюнча канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин иликтөө иштеринде тактай алдыңыздарбы?

 

- Акыркы күндөрү саясий оюн Мамкаттоонун төрагасы Тайырбек Сарпашевдин тегерегинде жүрүп жатат. Бул маселе боюнча парламент жана өкмөт түзгөн эки комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Бул туура кадам болду. Демократиялык мамлекетте баардык маселе коомчулуктун талкуусунда болуп, изилденип, анализделип парламент, өкмөт, укук коргоо органдары баа бериши керек. Тайырбек Сарпашевди соттун чечимин аткаргандыгы үчүн күнөөлөшүп жатат. Мен аны күнөөлүү деп айтпайт элем. Ал соттун чечимин гана аткарды. Соттун чечиминин негизинде 19-декабрда жерди каттап жатат.  Жерди камакка алуу боюнча чечим 28-декабрда келген.  Сарпашев 9 күндөн кийин жерди камакка алуу чечими келишин билген көзү ачыкпы? Камакка алуу кагазы 19-декабрда келген күнү деле ал чечимди чыгарган соттун кагазында бир гана судьянын колу коюлган. Мындай документ эч кандай күчкө ээ эмес экенин баардык юристтер жакшы билишет. Соттук отурмга төрагалык кылган соттун колу да коюлган эмес. Ошондуктан, Сарпашев бул документ менен эч кандай чара көрө албайт болчу. Мындан сырткары Сарпашевди Максим Бакиевге таандык делген мүлктү Бакиевдерден алып, кайра эле Бакиевдерге берип койду деп күнөөлөп жатышат. Ал жерде  “Глобал Эдвертайзенг” жана “ЭлитДомСтрой” деген эки компаниянын ортосунда талаш жүрүүдө.  2007-жылы “Глобал Эдвертайзенг” конкуска катышып, аталган жерди сатып алат. Максим Бакиевдин тегерегиндеги адамдар бул компанияга жерди сатуу боюнча басым жасаша башташат. Алар келишим түзүшүп, акчанын суммасы да көрсөтүлөт. Бирок, 2009-жылга чейин “ЭлитДомСтройдон” көрсөтүлгөн сумма “Глобал Эдвертайзенг” компаниясына которулбайт.  2010-жылы революция болгондон кийин “Глобал Эдвертайзенг” “ЭлитДомСтрой” менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, Мамкаттоого келип, өзүнө тийиштүү мүлктү каттап берүүсүн суранат. Каттоо кызматы каттай албай турганын билдиргенден кийин алар сотко кайрылышкан. 2014-жылга чейин соттошуп, сот жер “Глобал Эдвертайзенгге” таандык деген чечим чыгарган. соттун чечими чыккандан кийин Катто кызматына келгенде, алар “Максим Бакиевдин үстүнөн сот жүрүп жаткандыктан каттай албайбыз, силер жабырлануучу катары өтөсүңөр” деп жооп берет. Сот Максим Бакиевге чечим чыгарып, 30 жыл эркинен ажыратат. “ЭлитДомСтройдун” кожоюну Пакка 20 жыл берет. Андан кийин да Каттоо кызматы “Биз каттай албайбыз” деп жогор жакты көрсөтөт. 2016-жылы Каттоо кызматынын төрагасы Сарпашевге келишип соттун эки чечимин көрсөтөт. Сарпашев соттун чечимин гана аткарып каттоо алган. Алдыда президенттик шайлоо келе жаткандыктан мындай саясий оюн кимдир бирөөлөргө керек болуп жаткандай. Биз эки комиссиянын чечими чыккыча күтүшүбүз керек. Чогулткан документтерибизди комиссияга сөзсүз беребиз.  

 

- Бул иштин артында ким турарын ачык айта аласызбы?

 

- “Глобал Эдвертайзенг” Каттоо кызматына келгенде жогор жак турат дегени менен ким экенин так айта алган эмес. Ошондуктан сотко кайрылышкан. Сот алардын пайдасына чечим чыгарган. Ага карабай азыркы күнгө чейин талаш болуп келатат. Мындай окуялар көп эле болгон. Өмүрбек Бабановдон НТС каналын да тартып алышкан. Революциядан кийин Бабанов соттошуп НТСти кайра кайрып албадыбы. Жогорку жактагы ким? Кимдин кызыкчылыгы болуп жатат? Бул жөнүндө дагы изилдейбиз. Кызыгы, жер “Глобалга” таандык деген соттун чечимин эч ким жокко чыгарган эмес. Ушул эле кимдир бирөө кызыкдар болуп жатканынан кабар берет.

 

- “Глобал Эдвертайзенг” компаниясынын кожоюну Максим Бакиев менен иштешкен адам эмеспи?

 

- Бул компаниянын ээси Марат Ахматов деген экен. Ал эч жерде иштебеген, жөнөкөй ишкер жаран. Саясатка такыр аралашпаган, Максим менен эч кандай тааныштыгы да жок болуп атпайбы.

- Жерди сатып алганда “Глобал” коррупциялык иштерге барган эмеспи? Бул боюнча текшерүүлөр жүргөнбү?

 

- Жерди “Глобал” “Кыргызтелекомдон” ачык конкурстан сатып алган. “Кыргызтелекомду” Каржы полициясы, прокуратура текшерген. Эки жолу тең сынак туура өткөрүлгөн деген тыянак чыгарган. Бул жөнүндө документтер бар. Ачык сынактан утуп алган компанияга жерди каттап бергени үчүн Сарпашевди Бакиевдерге кайтарып берди деп күнөөлөп жатат. Эгер жерди “Глобалдан” ала турган болсо, Максим Бакиевдин жакын адамы болгон Пакка кайтарып берет. Сарпашев соттун чечимин аткарбай, жерди чыныгы ээсине каттаганга каршы болгондо ал кылмыш жоопкерчилигине тартылмак.

 

- 2010-жылдан бери бул жер талашка түшүп келаткан экен. Бирок кимдир бирөөлөр ал жерден түшкөн акчаны алып жатышканда. Кимдер ошол жерди иштетип келишкен?

 

- Ал жер ай сайын 20-30 миң доллар акча алып келген жер болуп саналат экен. Чындыгында ал акча кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жаткан. Ошолор жерди алдырып жиберүүдөн коркуп жатышат. Кимдер экенин да иликтеп жатабыз.

 

- Сиз бул талаштын саясий жагы тууралуу кеп козгоп жатасыз. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Маселени көтөргөн саясатчылардын кызыкчылыгы чыгып калышы мүмкүнбү?

 

- Көтөрүлгөн маселе туура. Максимге таандык мүлктөрдү Максимди деп, ага таандык эмес  жерлерди аныкы эмес деш керек. Биздин саясатта кандай гана комбинациялар колдонулаарын жакшы билебиз. Саясатчылардын арасында не деген шумдуктар бар. Сен айткандай бирөөлөрдүн кулагы чыгып калышы мүмкүн, биздин саясатчылар таптаза деп айта албайм.

 

- Башкы прокуратура президентке баш ийген структура. Ал президенттик аппараттан буйрук түшпөсө Сарпашевди кызматтан алуу чечимине келе алмак эмес. Жетинчи кабатта кызыккан адамдар бар болушу ыктымал деген версияны күтсөк болобу?

 

- Президенттин тегерегинде деле өз алдынча топтор бар. Президенттик шайлоого алар деле өз алдынча даярданышат. Сарпашевдин кызмат орду аларга керек болушу мүмкүн. Бул версияны деле ойлонсо болот.

 

Маектешкен

Темирлан Токтоболотов

 

Булак: “Жаңы Ордо”