- Эдил мырза, Тайырбек Сарпашевдин кызматтан кетишине Бакиевдердин мүлктөрү себеп болдубу же анын бийликке кызмат кылчу миссиясы аягына чыгып калдыбы?

 

- Сарпашевдин отставкасы дагы бир жолу кадрдык саясаттын жокутугунан кабар берет. Байыркы Россияда Улуу Екатерина кимди кааласа, ошону дароо фаворит кылып, наместник, бүт титулдарды ыйгарып, мамлекеттин эң бай адамына айлантып, анан бир капризи боюнча, кайра башка бирөөгө алаксып кетчү эле. Башка абсолюттук монархияларда деле ушундай көрүнүш болчу. Азыркы Атамбаевтин бийлиги деле ошол. Байкасаңыз, КСДПдан бирөөсү дагы үн катып, “калсын” же “кетсин” деп айткан жок. Анткени, билишет, баягы анекдоттогудай “дракон акам өзү биляди”- дегендей. Анан эмнесине ушулардын партия дейсиң! Эмнеси саясатчы! Эч кандай интрига деле жок. Буга чейин мына жүздөгөн саясатчы азыркы ажонун капризине учурады: бир заматта эле жактырбай, кайра артынан түшө калат. Нарымбаев-Саляновалардан баштап, тээтиги башында чогуу келгендерине чейин. Атамбаев эле таза, ал эле татынакай болуш керек экен.

 

- Сарпашевди кызматтан кетүүгө аргасыз кылгандар шайлоонун эскиче өтүшүн каалап, оңой-олтоң добуш алууну көздөшүп, аны кызматтан чегинишине аргасыз кылышканын кыйытты го? Ал саясаттын курмандыгы болдубу?

 

- Эми Сарпашевдин душманы деле көп болуш керек. Көралбастар толтура. Мисалы, жанагы Карашев биринчи-вице премьер болуп жүргөн кезде, так ушул Сарпашев келе калып, рокировка болуп кетишпеди беле. Мына балким азыр ошонун тезек терчү саламдын кезеги келип аткандыр. Сарпашевди эмнегедир ушундай эле сөз ээрчип туруп алды, бирок чын-чынына келгенде мыкты жетекчи экенин көрсөтө алды десек болот. Шайлоочулардын тизмеси бул анын техникалык эле жумушу. Мындан тышкары толгон токой башка иштери бар эле. Ошол маселелери үчүн аны кызматтан чегинтишти окшойт.

 

- Неге аны КСДП коргоп чыккан жок? Бирөөсү да ооз ачып, ак же көк дей элек го?

 

- Мен да ошого таң калып атпайымбы. Бүгүн деле ошондой кырдаал кайталанды байкадыңызбы? “24.кж” маалымат агенттигинде “Кулматов КСДПдан президентикке көрсөтүлөт экен” десе бүт 100% депутат жана партиялык жетекчилер бир сааттай шок болушуп, “ооба” же “жок” деп айта албай калышты. Кайра эле, баягы “кожоюн чечсе, ошондой болгон турбайбы”- деп. Качан гана ошол тараптан тактоо келгенден кийин “жок, съезд боло элек” деп айтышты. КСДПда өз көз карашына ээ, “партиялык позиция момундай болуш керек” деген саясатчы деле калбай калды. Көрөсүздөр, бул партия эртең эле тарап кетет. Анан сиз Сарпашевге болушсун дейсиз. О кокуй, буларың “Сарпашев япондун шпиону экен, атууга кесилсин” деген өкүм чыкса, баягы Тыныстановдор айдалганда “туура болду” деп митинг өткөзгөн шумпайларлардай унчукпай туруп беришет.

 

- Сарпашев кызматтан эле кетпей мыйзамсыз иштери үчүн жоопкерчиликке  тартылышы керек дегендер да четтен чыгат. Кокус кылмыш иши козголсо, аягына чыгабы же убакыттын өтүшү менен унуткарып коюшабы?

 

- Бул маселе сотко же болбосо кандайдыр бир тергөөнүн жүрүшүнө көз каранды эмес. Айтканымдай, азыр жалгыз судья - бул Атамбаев. Өзү айткандай, ал Нарымбаевдин ишине деле “көз жумуп” коё алчу бийлиги бар эле, бирок” камагыла, соттогула” деп команда берген. Азыр деле бул чечет. Акыйкаттык эмес! Башпрокурор президенттен түздөн-түз тапшырма  алып атат, башкаларын айтпай эле коеюн. Мындай көрүнүш Акаев же Бакиевдердин убагында тымызын жүргүзүлсө, азыр Атамбаев тим эле прессага жарыялап атпайбы. “Мындан башка деле иши жок” деп ойлоп кетесиң. “Баланчаны изилдегиле, мобунун артынан түшкүлө”- деп жайдан бери Башпрокуратура менен УКМКга канча буйрук берди, санап көргүлөчү! Бул ачык ММКларга жарыялангандары эле, тымызындары канча болду экен? Өзү отуруп алып тергөө иштерин окуганын да айтып атат. Тобоо, баягы эле тилек. Деги тынч кетсе экен, бирок ушунча душман күттү, мен акыркы кезде ойлоп калдым Атамбаевге амнистия жарыялап, “бирок толугу менен саясаттан кетесиң, ушуну менен жоголосуң” деп айтат го эмки президент. Антпесе муну казып баштасак, иий, иш бүтпөйт. Кайсы тармакты алба, ондогон кылмыш из түздөн-түз Атамбаевге барып такалып калчудай. Биз өлкөнү өнүктүрбөстөн, ушунун эле иши менен дагы 10 жылдай бошобой калабызбы алаксып деп калам. Коррупцияны жеңген жок Атамбаев, кайра көбөйттү. Мына “Раим-миллиондон” баштап жанагы сот-милиция-прокурорлоруна чейин баягы эле. Бирок, ушунчалык наглость: башка мүлк калбай калгансып, эми ошол Максим Бакиевдин улутташтырылган менчигин уурдап атышат. Эч кимден коркушпайбы, ыя? Же колдогону ушундай жогорубу?

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити