- Улукбек мырза, президенттик шайлоону утурлай  оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын таза шайлоо өткөрүү аракетинен майнап чыгабы?

 

- “Майнап чыгат” же “чыкпайт” дегенден мурун бул жагдайды кадимки эле бир көрүнүштөй кабыл алсак болот дейт элем. Себеби, ар бир президенттик шайлоонун алдында мындай маселелер көтөрүлүп келген жана көтөрүлө берет. Саресеп салып көрсөңөр, ар дайым оппозициялык маанайдагы жана көз карандысыз саясатчылар шайлоонун алдында бир канча саясатчынын башын бириктирген  форумдарды өткөрүп, “таза шайлоо өтсүн” деген маселе көтөрөт. Бирок, маселе көтөрүлгөн менен көпчүлүк учурда алар ойлогондой чечилбейт. Маселе чечилиш үчүн алгач кечээги форумга катышкан саясатчылар биригип, чоң күчкө айланышы керек. Ошондо гана “таза шайлоо өтсүн!” деген талапты коюп, бийликти сестенте алат. Ошондо гана аз болсо да маселе оң жагына чечилет. Болбосо, мындай форумда көтөрүлгөн маселе көптүн бири болуп, унутта калып,   форум саясатчылар арасындагы жөн гана пикир алмашуу болуп калат.

 

- Президент Алмазбек Атамбаев “мураскер калтырбайм” дегенине карабай биздин саясатчыларда “президент баары бир тымызын мураскерин шайлап кетет” деген кооптонуу күч?

 

- Саясый күрөштө ушундай кооптонуулар көп болот. Анткени, КСДП сөзсүз түрдө президенттик шайлоого өз талапкерин чыгарат. Аны баары сезип, билип турат. Ошондуктан, азыртан мураскер операциясына каршы чыгып жатышат окшойт. Бирок, алардын аракетинен майнап чыгабы, чыкпайбы, аны бир Кудай билет. Себеби, жогоруда айткандай, КСДП талапкерин, башкача айтканда мураскер чыгарбай койбойт. Кандай болгон күндө да КСДП же бийлик сунуштаган бир талапкер президенттик шайлоого аттанат. Мен аны  трагедия деле кылбайм. Анткени, ар бир шайлоо партиялар арасындагы күрөштү күчөтөт. Бийликке жеткиси келгендер, бийликти колдон чыгаргысы келбегендердин баары шайлоого катышып, күчүн сынашат. Бийликти талапкер сунуштатпоого аракет кылганча оппозициялык көз караштагы саясатчылар таза жана кошуна мамлекеттер тааныган, эл колдой турган талапкерди чыгарып, чоң күчкө айланышса болмок.

 

- Ошол форумда “эмки президентке талапкер болгон адам партияга тиешеси жок эркин адам болсун” деген да талапты киргизели дегендер болду. Бул реалдуу эле сунушпу?

 

- Эгер андай боло турган болсо, анда биз партиялык шайлоодон баш тартышыбыз керек. Башкача айтканда, азыркы Конституцияны түп-тамыры менен өзгөртүп, 2005-жылдагыдай бир мандаттуу шайлоого өтүшүбүз керек. Ошондо гана  партиясы жок адам президент болушуна шарт түзөбүз. Болбосо, партиясы жок адам президент болушу мүмкүн эмес.

 

- “Азыркы өкмөттү толугу менен отставкага кетирсек гана, административдик ресурстар колдонулбайт”- дегендер да четтен чыгат. Буга не дейсиз?

 

- Азыркы иштеп жаткан өкмөттү  кетирсек, “алардын ордуна ким келет?”- деген да маселе бар. Эгерде чындап эле таза шайлоо кылабыз дешсе, анда шайлоого барбаган партиянын өкүлү өкмөт башчы болуп, эч бир партияга мүчө болбогон адистерди жана шайлоого катышпаган партиялардын өкүлдөрүн бийликке алып келиш керек. Ошондо гана ишенимдүү өкмөт түзүлөт. Бирок, андай кылганга күчтөрү жетпесе, административдик ресурс мурдагыдай эле колдонулат.  КСДПдан бирөө талапкер болуп чыкса, аны кантип колдобой коё алышат. Негизи административдик ресурсту колдонбой коюу деген - бул утопия.  Кыргызстандагы партиялар шайлоону күрөш деп кабыл алып, кандай жол менен болсо да жеңишке жетүүнү көздөшөт. Ошондой эле ар бир партиянын программасында “бийликке шайлоо менен келебиз” деген өздөрүнүн программалары бар. Ошондуктан, баары бийликке жетүүгө аракет кылышат. Ага териге бербей, туура, түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек. “Демократиянын үлгүсү” деген Америкада деле президенттик шайлоодо иштеп жаткан бийлик Клинтонду алып келүүгө  аракет кылды. Жыйынтыгында Трамп шайланып калды го.

 

- Улукбек агай, бу сапар президент кандай критерий менен шайланышы керек?

 

- Президентти тандоодо эң биринчи эл үчүн таза иштей турган, “Кыргызстанды көтөрөм, Кыргызстан үчүн баарына даярмын” деген деңгээли жогору, кошуналар да тааныган адамды шайлашыбыз керек. Башкача айтканда, ушул критерийлерге токтолушубуз керек.

 

- Өзбекстандын президенти өкмөтү менен чогуу өткөргөн жыйындарда чиновниктердин тил укканын ачык көрсөтө башташты. Бул ыкма Кыргызстандын чиновниктеринин да ишин илгерилетиш үчүн пайдалуу эмеспи?

 

- Биз бүт дүйнөгө парламенттик мамлекетпиз деп жарыялаганбыз. Парламенттик өлкөдө маселенин көбүн премьер-министр чечиши керек. Премьер-министрлер министрди чакырып алып, сөккөнүн, иштей албай жаткандарына сөгүш жарыялагандарын көрсөтсөк болот.

 

- Өткөн жума өкмөттүн жана спикердин отставкасы  талап кылына баштады эле. Спикер Бабанов менен элдешти. Өкмөттүн отставкасы не болду?

 

-Өкмөттүн отставкасын талап кылыш үчүн алгач 40тай депутат ошол талапка кол коюш керек. Менимче ал процесс жүрүп жатат... Ал эми спикердин отставкасы талап кылынганы менен экөө элдешип алып, маселе чечилип калганына баарыбыз күбө болдук.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити