КР Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин кызматтан кетишине байланыштуу коомчулукта ар кандай сөздөр жүрүүдө. Аны кызматтан шыпырып түшүүнү демилгелеген күчтөр “Сарпашев М.Бакиевдин жерин сатып жиберген” же “ага кайра кайтарып берип койду”,- деген өңдүү каралоо кампаниясын жүргүзүп жатышат. Буга байланыштуу, Коррупцияга каршы эксперттик кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин кандидаты Кайрат Осмоналиев, кеңешке мүчө - саясий серепчи Бакыт Бакетаев жана Максим Бакиевге караштуу “ЭлитДомСтрой” (жетекчиси Ульяна Пак бакиевдерге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында соттолуп, күнөөлүү деп табылып, жаза мөөнөтүн абакта өтөп жатат) фирмасынан жабыр тарткан “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын (булардын Бишкектеги аукцион аркылуу сатып алган жер участогун Максим Бакиев коркутуп, тартып алган) юристи Асель Жолдошова атайын журналисттер үчүн маалымат жыйын курушту.

 

Басма сөз жыйынынын катышуучулары Т.Сарпашев ак жеринен эле караланып жатканын, ал эч кандай мыйзам бузуп, өзүм билемдик кылбаганын далилдер менен айтып беришти. Документтерге үңүлө турган болсок, Мамкаттоо кызматынын жетекчиси жөн гана соттун чечимин аткарган, эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, кайра тескерисинче, эгер ал сот чечимин аткарбаганда кылмыш жоопкерчилигине тартылмак экен. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин айтымында, быйылкы президенттик шайлоого карата ар кайсы топ өз талапкери үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында ойго келбеген нерселерге чейин барышууда. “Мына ушундан улам, кырдаал курчуп тургандан пайдаланып, Сарпашевдин каршылаштары ал ишти туура эмес нукка буруп, “Бакиевдердин мүлктөрүн тымызын кайтарып берип  жатат”- таризде теңирден тескери маалымат таркатууга өтүштү”,- дейт ал.

 

Скрябин көчөсүндөгү Т.Сарпашевдин кызматтан кетишине себепкер болгон жер участогунун чыныгы таржымалын басма сөз жыйынынын катышуучулары баяндап беришти. Көрсө, иш мындай болгон экен...

 

2007-жылдын 25-январында “Кыргызтелеком” ачык типтеги АКсы директорлор кеңешинин  чечими менен Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндөгү 45-45А  барак тибиндеги чарба базасын 1, 28га жер участогу менен кошо аукциондун негизинде сатыкка коёт. 2007-жылдын 5-февралында ачык аукцион болуп,  үч компания катышып, ОсОО “Глобал Эдертайзинг” эң жогорку бааны сунуштап, 5 миллион сомго сатып алат. Бирок, андан көп узабай, ал жерге Максим Бакиевдин жакындары көз арта баштайт. “Глобал Эдертайзингдин” ээси М.Ахматовду Максим Бакиевге жолуктурушат. Максим Бакиев аукциондун негизинде сатып алган жерди өзүнөкараштуу “ЭлитДом Стройго” өткөзүп берүү талабын коёт. Алгач макул болбойт, ким эле мандай тер менен тапканын башкага жөн эле карматып койгусу келсин! Катуу басым боло бергенинен айласы кеткен М.Ахматов  2007-жылдын 28-декабрында М.Бакиевдин фирмасы менен сатуу-сатып алуу келишимин түзүүгө аргасыз болгон. Бирок, келишим түзүлгөнү менен бир да сом аталган “Глобалдын” эсебине которулбайт. Башкача айтканда, Максимдин көндүм схемасы. Ушундай эле жолдор менен канчалаган мүлктөр тартылып алынган. Айласы кеткен М.Ахматов да 2010-жылдагы революцияга активдүү катышып, Бакиевдердин режиминин кулашына салым кошот.  

 

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин, калыстык заман келгенине ишенген “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын ээси М.Ахматов мамлекеттик органдарга “мүлкүмдү калыбына келтирип, тартып алгандардан алып бергиле”- деген өтүнүч менен кайрылат. “ЭлитДомСтройго” барып, Пакка – “силер келишимди аткарган жоксунар, акча келген жок, эми аны жокко чыгаралы”- дейт. Ээси качып кеткен соң У.Пак эмне кыла алат, келишимди булар өз ара жокко чыгарышат. Ошол күндөн баштап Ахматов үчүн тозоктун жолу башталат. Өз жерин өзүнө каттатуу үчүн сотко барат, тийешелүү органдарга кирип-чыгып тажайт. Кайда барба, жөн гана сөөмөй менен жогорку жакты көрсөтүп кутулушат. Анткени, революциядан кийин жерди эми башка “ээлери” б.а. мародёрлор пайдаланып аткан болот. Үмүтүн үзбөгөн Ахматов улам өкмөт алмашкан сайын “балким эми чындык болоор”- деп сотторго чуркайт. 2014-жылдын 25-июнда гана Бишкек район аралык соту “Глобал Эдвертайзинг” менен “ЭлитДомСтройдун” келишими күчүн жоготконун таанып, Скрябин 45-45А дарегиндеги кыймылсыз мүлктү 1,28 гектар жери менен “Глобалга” каттаса болорун чечимде билдирет. Ошонун негизинде Бишкек шаарындагы райондор аралык соту  аталган мүлктү камактан бошоткон. Соттун чечимин алып, жердин чыныгы ээси  Мамлекеттик каттоо кызматына барса, алар да ар кандай шылтоо айтышат. Ошондуктан, М.Ахматов өзү жабырлануучу катары өтүп жаткан Максим Бакиевге каршы кылмыш ишине байланыштуу соттук чечимдин чыгышын күтүүгө аргасыз эле. Акыры өлкөнү сызга олтургузган Максим да күнөөлүү болуп чыгат. Аны дагы кошо документтерге тиркеп, Мамкаттоо кызматына барган. Эми Мамкаттоо кызматы Бишкек шаарындагы райондор аралык соттун аныктамасы жана чечимин аткарбай коюуга укугу жок эле. 2016-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо кызматында  аталган жерге болгон “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын укуктарын каттаган.  Башкача айтканда, жер тартып алгандардан алынып, мурунку ээлерине берилет.

 

“Бул жерден Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Сарпашев эч кандай мыйзам бузуп, мамлекетке зыян келтирип же Бакиевдердин мүлкүн тымызын аларга кайтарып берүү аракетин көргөн эмес. Максим Бакиевдин жакындары тартып алган жерди ээсине кайтарып берди. Болгону,  аны түшүнбөгөндөр, окуянын чоо-жайын жакшы билбегендер  “Сарпашев Бакиевдердин жерин тымызын кайтарып берүүгө аракет кылып жатат” деп жаман көрүп, аны убактылуу иштен четтеп турууга аргасыз кылышты. Чынында Сарпашев бул жерде Бакиевдердин жерин коргогон жок. Тескерисинче, Бакиевдин жакындары деп эсептелгендер рейдерлик жол менен тартып алган жерди кайра ээсине кайтарып бер деген соттун чечимин гана аткарды”,- дейт эксперттик кеңеш төрагасы Кайрат Осмоналиев. 

 

“Кандай болгон күндө да, ким эмне десе да Тайырбек Дүйшекеевич туура жасаган. Соттун чечимин аткарбаса, өзү жоопкерчиликке тартылмак. Чынында Сарпашев Бакиевдерге эмес, Максим Бакиевге караштуу фирмалар тартып алган жерди алардан жабыр тарткан адамдарга кайтарып берди. Өкмөттүк жана парламенттик комиссия бул ишти тыкыр иликтеп, Сарпашевге коюлган дооматтын аныгына чыгаарына ишенем.

 

Биринчиден, Сарпашевге Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык коллегиясынын 2016-жылдын 2-ноябрындагы Скрябин 45-45А дарегиндеги учкасток боюнча Бишкек район аралык сотунун чечиминин аткарылыш токтото туруу жаатындагы токтомун аткарбаганын айтып жатышат. Бишкек шаардык сотунун чечиминде үч судьянын колу коюулушу керек. Бир эле фамилиянын тушунда кол коюлуп турат. Юридикалык билими жок адам деле мунун мыйзамсыз экенин билсе болот. Депутаттык же өкмөттүк комиссия ошолорду чакырып, чын эле ушундай ишти карап, чечим чыгарышкан-жоктугун сурай алат.

 

Экинчиден, сот 2-ноябрда чечим чыгарыптыр, анда булар эмнеге аны Мамкаттоого алып барбай, 56 күн күтүштү? Себеби, ал чечим Мамкаттоого 2016-жылдын 28-декабрында гана барган. Сарпашев көзү ачык эмес да, жаратылышта ушундай токтом бар экенин билип тургандай. “Глобалдын” жерге укугу катталган убакта токтом Мамкаттоо кызматына түшөлек болчу. Демек, ал кызматтык мыйзам бузууга барган жок.

 

Үчүнчүдөн, комиссия 2010-жылдан бери бул жер участогун кимдер иштетип (себеби унуу токтотуучу жай, арендага бере турган имараттар бар), анын акчасын ким алып жатканын да иликтеш керек. Ошондо чыныгы кызыкдар адамдар чыгат. Ошолор былгытып атат да баарын”,- дейт Бакетаев.