Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-февралда жумушчу визит менен Бельгия Королдугуна учуп кетти. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

 

Визит алкагында Мамлекет башчысы Бельгия Королу Филипп, Европа Биримдигинин Төрагасы   Дональд Туск, Европалык комиссиянын Төрагасы Жан-Клод Юнкер жана  Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Фредерик Могерини менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

 

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жана Европа Биримдиги ортосундагы негизги багыттар боюнча кызматташтыкты тереӊдетүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу белгиленген.

 

Андан соӊ Алмазбек Атамбаев жумушчу визит менен Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына барып, ал жерде коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышат.

 

Конференция учурунда Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык Канцлери Ангела Меркель менен жолугат. Эки мамлекет башчылары  Кыргызстан менен Германия ортосундагы алака-катыштардын маанилүү маселелерин талкуулашат, ошондой эле региондук жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча ой-пикир алышат.