Кыргызстандын нанын жеп, суусун ичип, ал тургай депутаттыкка чейин жетип, керек болсо, үйүнө 70 (!?) эркекти каттатып алып түпкүлүктүү элди (кыргыздарды да) жининдей жек көргөн башка улуттун өкүлү бир гана бизде болсо керек. Керек болсо, кыргыздарга “кара муш” болгон бул көпкөн катын (ишенген адамы зор болсо ошентет да...) парламентте Кыргызстандын гимни ойнолсо турбай коюп, улуттук сыймыгыбыз болгон калпакты мазактап, кыскасы башыбыздан жугунду куюп эле келатат. Өткөндө “президентти сындагандарды жоопко тартуу керек”- таризин айтып, андан кийин, социалдык түйүндөрдө “А.Атамбаевди сындады” деп жалаң Бакиевди жактагандарды УКМКнын укуругуна илип берди эле. Эми болсо “жарандар мамлекеттик органдарда иштегендерди жума күнү саат 12ден кийин таппай калып жатканын” айтып арызданууда. “Алар айлыкты Жараткан күчтөрдөн эмес, мамлекеттен алат. Анысы аз келгенсип, студенттер да окуусун таштап, кетип калат экен. Биз светтик мыйзам менен жашайбыз деп түшүндүрсөк, муну куугунтуктоо катары баалап жатышат. Дин мамлекеттик иштерге киришип кетти”,- деп ыйык парламент трибунасынан бул ирет бүтүндөй ислам динине, Жараткандын өзүнө шек келтирди. Кутурган “Карамышкинанын” бул жоругуна кыжыры келген мусулман жамааты нааразы болуп, “революция бульдозерунун” уулу Руслан Бекназаров аны мандатынан ажыратуу боюнча кол топтоп кирди. Алла, алла, эми бул маселеге бир Кудай, бир президент өзү чекит койбосо, бир балакет чыгып кетчүдөй... 
 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 15.02.2017-ж