-- Өмүрбек Чиркешович, сиз өткөн аптада өткөргөн маалымат жыйыныңызда “Алмазбек Атамбаевдин байлыгын иликтейм” дедиңиз, эмне себептен? Бирөөнүн байлыгын эсептеген кыргызда көралбастык, ич күйдүлүк катары кабыл алынат. Мындай аракетиңиз менен сиз өзүңүздүн саясый авторитетиңизди тобокелге салган жоксузбу?

 

-- Мен Атамбаев менен көптөн бери таанышмын. Саясатта үзөңгүлөш болуп да жүргөнбүз. Жеке тагдырыбыз коркунучта турганда да чогуу болуп, тарыхый көп иштерди баштан чогуу өткөргөнбүз. Албетте, бирөөнүн, өзгөчө жаныңда дос болуп жүргөн адамдын байлыгын эсептеп, аны элге алып чыккан жигитчилик эмес, пасчылык, акмакчылык катары кабыл алынарын билем. Ар ким ар кандай түшүнөт, кадыр-баркымды, жигиттик намысымды түшүрүп албаймынбы (?) деп абдан чочуладым. Бирок, “айтышым керек” деп тобокелге барууга аргасыз болдум. Анткени, Атамбаевдин байлыгынын табиятын, келип чыгышын, булагын, өлчөмүн, көлөмүн иликтеп айтып чыгууга мени мажбур кылган жагдай бар.

 

Акыркы кезде “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүн, анын ичинен мага кара жалаа жаап, жаманатты кылуу ишин Атамбаев жеке өзү жетектеп, планын түзүп берип, бүтүндөй мамлекеттик ресурсту: укук коргоо органдарын, мамлекеттик телерадиокомпанияларды, бийликке көз каранды болгон ММКларды колдонуу аркылуу мени жаманатты кылуу, элге жаман көргөзүү аракеттин көрүп келет. Ал гана эмес, жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоп, саясый аренадан эле биротоло кетиргиси келбестен, өмүр бою жыйнаган кадыр-барк, ар-намысымды тепсеп, эл караган бетимди жер карай тургандай жаманатты кылып жоготуу ниети менен аракет кылып жатат. Азыр Атамбаевде акча, провакаторлор, баары бар. Бийликтин жемин жеген ММКлар ага кызмат кылышууда. Баарына биз – бир ууч гана киши каршы туруп жатабыз. Бизге дем, күч берген, биздин жеңишибизге ишенген бир гана нерсе, ал – чындык. Чындык гана бизди коргоп, сактап калды. Ошон үчүн мен чындыкты айтууга милдеттүүмүн.

 

Биринчиден, Атамбаев жөнөкөй адам эмес, ал мамлекет башчысы. Демек, ал айткан сөздөр коомдук мааниге ээ. Ал акыркы бир жылда пресс-конференцияларында, чет элдик элчилерди чогултканда, акыркы жолу Индияга барганда “мен Кыргызстанда эң бай адаммын” деп жар салып, өзүнүн байлыгынын өлчөмүн, масштабын эбегейсиз экендигин айтып, “Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев “Вольво” же “Волга” минип жүргөндө, мен “Мерседес” мингем” деп мактанды. Ал мындай мактаныч, корстон сөзүн бир нече ирет эл аралык аренада кайталады. Бул биринчиден, кыргыз элин, мамлекетин уят кылган жапайы, пас көрүнүш. Эч бир бай адам байлыгына маашырланып, байлыгы менен элден өзгөчө экенин көргөзүү максатында мактанбайт. Кыргызда “улук болсоң, кичик бол” деген философия бар. Дүйнөдөгү эң бай адамдар да кроссовка, футболка кийип жөнөкөй болушат, байлыгын мактанмак тургай, көргөзбөгөнгө аракет кылышат. Байлык менен мактанганды орустар мещанство деп коёт. Мещанство модадан калганына 150 жыл болду. Дүйнөдөгү мен-мен деген байлар байлыгын мээнет, таман акы, адал эмгеги менен, башкалардан озунган новаторлук чыгармачылыгы менен иштеп табышат.

 

Атамбаев өзүнүн байлыгынын табиятын жөнөкөй гана түшүндүрүп, “мага байлыкты Кудай берди” дейт. Бир эле сөз, мындан башка айтаары жок.

 

-- Атамбаевдин кандай жол аркылуу байыгандыгы тууралуу конкреттүү фактыларыңыз барбы?

 

-- Акаевдин убагында президент Аскар Акаев Айтматов аркылуу жазуучуларга деген 50 млн. долларга жакын акчаны Атамбаевге берсе, ал акчага Атамбаев бир нече завод-фабрикаларды сатып алган. Ушул кезге чейин бырчалап, бөлүп-бөлүп участок, станокторун металлолом түрүндө майдалап, баарын сатып, азыр өзү отурган офистен башка эч нерсеси калган жок. Байлыктын тарыхы болот. Ал мээнет менен табылышы керек. Мисалы, Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев ун сатып, элге кызмат кылып байышкан. Осмонбек Артыкбаев дары сатып, Салымбековдор соода кылып, Бабанов нефти-продукция сатып, Султановдор үй куруп байышкан. Башка адамдар дагы, бирөө эт, сүт өндүрүп, кийим тигип, Кыргызстанда сатып, чет элге экспорт кылып, айтор, мээнет кылып, таман акы, ак эмгеги менен байышкан. Анан да байлыкты бир адам эмес, көп адам иштеп жасайт. Демек, бай адам жумуш ордун түзөт, өзүнүн байлыгын айлык акы түрүндө элге төлөп берип, эл менен бөлүшөт. Түшкөн пайдадан салык, социалдык фондго взнос төлөйт. Байлыктын ушундай теги, тарыхы болот. Байлыкты эл менен бөлүшсөң, ал адал байлык болот, бөлүшпөсөң, уурдап алган, арам байлык болот. Арам байлык аш болбойт, тешип чыгат. Бул миң жылдардан бери калыптанып калган чындык.

 

Атамбаев акыркы жылда УӨтүн мүчөлөрүн шылдыңдап, келекелеп, сөз сүйлөтпөй жатат. “Мен баймын, алар 2010-жылга чейин кедей болчу, менден сурашчу, аларга тамак алып берчүмүн, машинеси жок жөө жүрүшчү, ошолор 2010-жылдан кийин байып, мультимиллионер болуп кетти, алардын байлыгы арам, алар баскынчы, мародер, мен жакында алардын жүзүн ачам” деп жар салып келет. Ошол сөздөрүнүн биринде жеке мага тийиштүү бир сөз айтты. Мен аны түз эле өзүмө алдым. “Бизди 2010-жылы 6-апрелде Бакиевдер камады, суракка алды. Кийин мен УКМКдан УӨ мүчөлөрүнүн суракта берген жоопторун алып окудум. Анда бирөөсү “кантип күн көрүп жатасың, эмне менен жашап жатасың?” десе, “менин жумушум жок, үй-бүлөлүк бизнесим бар, ал аялыма жазылган, ошондон түшкөн киреше менен жашап жүрөм” деп айтыптыр. Ошол аялынын эсебинен жашап жүргөн адам бүгүн мультимиллионер” дейт. Ал мен тууралуу айтып жатат. Ачык айтпаса дагы, “Текебаев 2009-жылы жумушсуз жүргөндө аялы баккан экен. Ошол аялы багып жүргөн адам бүгүн мультимиллионер. Мунун байлыгынын табияты, келип чыгышы шектүү. Ал Бакиевдердин байлыгын басып алды” деп ишарат берип, кол алдындагы ММКлар аркылуу мүмкүн болушунча мени жамандатты. Мен бирөөнүн байлыгын эсептегенди пасчылык, акмакчылык деп билем. Бирок, мындай кырдаалда мен Атамбаевге жооп берген болом, эл туура түшүнөт деп ойлойм.

 

-- Иликтөөңүз кандай жыйынтык берди? Эмне аныктай алдыңыз?

 

-- Адамдын байлыгы канча адамга жумуш бергени, канча салык төлөгөндүгү менен өлчөнөт. Мен салык кызматына жана социалдык фондго Атамбаевге тиешелүү болгон фирмалар канча адамга жумуш берет, тапкан байлыгын эл менен бөлүшүп, канча суммада салык төлөгөн деген суроо-талап жөнөттүм. Алар эстеринен тандыбы, азырынча жооп берише элек. Бирок, ар бир чиновник өзүнүн кирешеси тууралуу отчет берип, жыл сайын мамлекеттик кадр кызматына декларация толтуруп, тапшырышы керек. Мен 2005-2015-жылга чейинки өзүмдүн жана Атамбаевдин декларацияларын сурап, мамлекеттик кызматтарга кайрылдым. Тилекке каршы, Атамбаевдин 2010-жылдан кийинки гана декларацияларын беришти, революцияга чейинкилерин беришкен жок. Колумдагы Атамбаевдин өз колу менен толтурган декларациясы буларды көргөздү:

 

Алмазбек Атамбаев 2010-жылы апрелден баштап августка чейин УӨтүн биринчи орун басары болуп иштеген. Бул аралыкта ал 279 902 сом киреше тапкан. Башка киреше анда болгон эмес. Баймын деген Атамбаевдин аялы, балдары да 2010-жылы эч кандай киреше табышкан эмес.

 

2011-жылы Атамбаев премьер-министр болуп иштеп, 1213 миң сом маяна алыптыр. Ошол жылы анын аялы биринчи жолу киреше тааптыр. Банкка салынган акчасынан 89,6 миң доллар пайыздык үстөк алыптыр. Аш болсун. Бирок, суроо туулат: ушундай өлчөмдөгү пайыздык үстөк алуу үчүн жок дегенде банкта 3 млн. доллар акчаң болушу шарт. 2011-жылга чейин иш жүзүндө үй кожойкеси болуп, эч нерсе таппаган Раиса Атамбаеванын кайдан банк эсебинде 3 млн. доллар акчасы боло калды? Атамбаев өзүнөн башкалардын баарын 2010-жылдан кийин байыды деп отурат. Бул факт 2010-жылдан кийин ал өзү байыгандыгын далилдеп жатпайбы.

 

Эми 2012-жылкы декларацияга келели. Атамбаев дагы деле айлыктан башка киреше көрбөптүр. Айлыгы – 984 776,84 сом, б.а. 1 млн. сомго жакын. Аялы жумушка кирип, бир жылда 27 251,75 сом айлык алган. Айына 3 миң сомдун тегерегинде маяна алган болот. Андан башка банкка салган акчаларынын эсебинен 120 миң доллар процент, тагыраагы пайда алган. Акцияларын аялына жаздырган болсо керек, ал акцияларынан түшкөн дивиденд 339 950 12 сом болуптур. Бул ошол кездеги курс боюнча 5 миң доллардын тегерегинде. Ишканаларынан, завод-фабрикаларынан ушундай эле пайда көрүптүр.

 

2013-жылы Атамбаев 960 744,84 сом маяна алган. Аялынын айлыгы көбөйгөн. Бир жылда 87 546 сом тапкан. Маянасынын суммасы айына 7 300 сомдун тегерегинде болгон. Бирок, банкка салган акчасынан 120 328,82 доллар пайыз алган. Ал эми ишканаларынан мурункуга караганда эки эсе аз, 145 663 сом киреше алган.

 

2014-жылы Атамбаев 1 281 609 сом айлык алган. Башка дагы деле эч кирешеси жок. Ал эми аялынын айлыгы көбөйүп, айына 16 500гө жакын маяна алып, жылына 199 055 сом тапкан. Банкка салган акчасынан 119 999 доллар процент алган. Ишканасы таптакыр иштебей калганбы, болгону 26 260 сом гана киреше алган.

 

2015-жылы өзү 1 298 448 сом айлык алган. Аялы ошол жылы 182 588 сом, айына 15 200 сомдон бир аз ашык маяна алган болот. Банктагы акчаларынан 112 273 доллар пайыз алган. Бул жылы ишканасы таптакыр иштебей калган, киреше алган эмес.

 

Ошентип, 2010-жылтан тартып президенттин аялынын банктагы эсебинен пайыз алган кирешелери жылдан жылга көбөйүп отурат. Мен Атамбаевге суроо салгым келет. Биринчиден, ал акча кайдан келди? Экинчиден, ал акча кайсы банкта сакталат? Эгер ал акча кыргыз банктарында болсо, кыргыз экономикасына иштейт, а эгер чет элдеги банкта болсо, анда башка өлкөнүн экономикасына иштейт. Башка өлкөнүн экономикасына иштеп жатса, анда Атамбаевдин сөз сүйлөгөнгө, мамлекетти жетектеп, президенттик кызматты бир мүнөт да ээлеп отурууга моралдык укугу барбы?! Эгер ошол миллиондору чет элдин банкында иштеп жаткан болсо, анда бул кылмыштан да жаман көрүнүш. “Элиме жанымды берем, жүрөгүмдү берем” деп коюп, тапкан акчасын чет элге ала качкан адамдын “Кыргызстанды өнүктүрөм, өстүрөм” деген ниетине эч ким ишенбейт.

 

Экинчиден, Атамбаев президент, мамлекеттик камкордуктагы адам. Баскан-турганы, жеген-ичкени, баары бекер, мамлекеттин эсебинен. 2010-жылдан 2015-жылга чейинки алты жыл аралыгында 6 018 481 сом (110 миң доллардын тегерегинде) киреше тапкан. Аялы бул жылдар аралыгында 32 371 852 сом (580 миң доллардын тегерегинде) пайда тапкан болсо, экөөнүкү биригип, 38 390 333 (692 065 доллар) киреше алардын үй-бүлөсүнө кирген болот.

 

Бирок, 2015-жылы Атамбаев Албек Ибраимовдон 34 млн. сомго 2,7 га жер сатып алып, алты жылда тапканынын баарын Албекке кармата бербедиби. Ошол эле жылы ал жерге хансарай салды. Эксперттердин айтымында, ал хансарай (курулган үйдөн башка Арашан суусунун аркы жээгиндеги Атамбаевдин 9 гектар жерин туташтыруу үчүн асма темирден көпүрө курулган, асфальт жол курулган ж.б. баарын эсептегенде) 6-7 млн. долларга тургузулуптур. Атамбаев ал акчаны кайдан алды? Атамбаев жана анын маалымат кызматы ал үйдү жеке өзүнүн каражатына курду деп айтып жүрөт. Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн алты жылда тапкан байлыгы жогорку эсеп далилдегендей, жер участогун сатып алганга араң жетти. Атамбаев муну кандай түшүндүрөт? Байлыгынын табиятын түшүндүрө албагандыктан, “байлыкты мага Кудай берди” деп айтып отурат.

 

Былтыр 2016-жылы августта Чолпон-Атада берген маалымат жыйынында «мен аппарат жетекчиме ж.б. жетекчилерге таза иштегиле, пара албагыла, акча керек болсо мен берем силерге деп ай сайын 5-10 миң доллардан конвертке салып берип турам” деп айтты. Эгер аларды эсептесек, Атамбаев менен аялынын алты жылда тапкан байлыгы аларга эмес, жер участогун алганга да жетпейт эле.

 

Ошентип, Атамбаевдин тапканы анын аялынын тапкан акчасынан 10 эсе аз болуп жатпайбы. Демек, мен аялымдын эсебинен эмес, Атамбаев аялынын эсебинен жашап жаткан турбайбы. Ушундай болуп жатпайбы. Менин үй-бүлөм тапкан киреше 2010-жылга чейин канча болсо, бүгүн деле ошондой. Болгону азыр менин айлыгым кошулду. 2010-жылдан кийин байыган мен эмес, Атамбаев болуп жатпайбы. Быйылкы жылды ыйман жылы деп жатат. Ушул ыйман жылында ыймандай сырын ачып, ошол өзү мактанган Кудай берген эбегейсиз байлыгынын табиятын, көлөмүн айтпайбы? Ал өзүн ишкер, иш билген чыгаан ишкер катары айтып жүрөт. Канча адамга жумуш берет, канча маяна берет, эмне товар өндүрүп, аларды кайда сатаарын атпайбы? Канча салык төлөйт, ачык айтпайбы?

Буларды айтышын мен расмий турдө талап кылам. Жакында Атамбаевге расмий кат жолдойм.

 

-- Атамбаевдин бир нече заводдору бар эмеспи. “Кыргызавтомаш”, “Автомаш-Радиатор”, “Автомаш-Энерго” ж.б. Балким, өзү айтып жаткан байлыкты, акчаларды ошол жактан таап жаткандыр?..

 

- Туура, Атамбаев бир нече акционердик коомго, акцияларга ээ болгон. Бирок, баарыбызга белгилүү болгон «Кыргызавтомаш, «Автомаш-Радиатор» деген ишканалардын акцияларын 2007-жылы эле сатып жиберген же бирөөлөргө өткөрүп берген.

 

-- Эмнеден улам мындай жыйынтыкка келдиңиз?

 

-- Анткени, ошол жылы Атамбаев премьер-министр болду. Мен ушул эки окуянын байланышы бар деп ойлойм. Заводун сатты, же бирөөгө берди, ошол эле жылы ал өкмөт башчылыкты ээледи. Бакиевдер бир нерсе алмайын, бирөөнү кызматка койчу эмес. Көп адамдардын ишканаларын алып, кызматка койгону баарыбызга белгилүү. Менин шегимди күчөткөн дагы бир нерсе бар. 2008-жылы Атамбаев премьерликтен түшүп, оппозицияда жүргөндө Кыргызстанга Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко келет. Бакиев Лукашенкону «Кыргызавтомаш» заводуна алып барат да “ушул жерде Беларусь тракторлорун жыйнайбыз, радиатор чыгарып Белоруссияга сатабыз” деп жарыялап, келишимге кол коюшат. Ошондо мен “Атамбаев оппозицияда биз менен жүрсө, Бакиев эмне үчүн ага кам көрүп, анын бизнесин гүлдөтүп жатат” деп таң калгам. Көрсө, ошол убакта эле ал завод Атамбаевдики болбой калыптыр. Бакиевдер эч качан бирөөгө жардам берген эмес, алар только өздөрүнүн көмөчүнө гана күл тартып, өздөрүнүн ишин жүргүзүшкөн. Ошентип, Атамбаев заводун өткөрүп берген кишилер Максим Бакиевдин партнерлору болушу толук ыктымал. Атамбаев өндүрүшчүл деп мактанып жаткан заводдору эбак эле анда жок, ал болгону өзүндө калган бир нече имараттарын ижарага берип гана жашап келе жатат. Атамбаев декларациясында көргөзгөндөрүнүн баарын санап өттүм. Ал Албектин жер участогун сатып алганга, азыркыдай хансарай салганга жетпейт. Демек, Атамбаевдин байлыгынын кирешеси көмүскө, жашыруун окшойт.

 

-- Акыркы жыйынтыгыңыз кандай эми?

 

-- Биринчиден, Кыргызстандын президенти мыйзамга болгон сый-урматы, аны аткарышы, жүрүм-туруму менен элге үлгү болушу керек. Бай болсо да “баймын” деп мактанбашы керек. Мактануу кыргыз элинин табиятына, менталитетине туура келбейт. Байлыгы болсо, аны эл менен бөлүшүп, адал байлык экенин көрсөтүү керек. Байлыкты эл менен бөлүшөт деген сөз – адамдарга жакшы маяна берүү, салык түрүндө эл менен бөлүшүү дегенди билдирет.

 

Экинчиден, президент өзү айткан жомоктогудай эбегейсиз байлыгына салык төлөбөсө, элчилеп мээнет кылып продукция чыгарбаса, кайда сатаары белгисиз болсо, бул байлык мыйзамсыз, көмүскө келип жаткандыгынын далили. Андай президент ыйман жөнүндө сөз айтканга, мамлекетти башкарганга эч кандай укугу жок.

 

Маектешкен Динара ТУРДУГУЛОВА

Булак: asianews.kg