КСДП партиясы президенттен Кубанычбек Кулматовду президенттик шайлоого талапкер катары алып чыгууну макулдашканын бүгүн “24.kg” маалымат агенттигин ишенимдүү булактарга таянып жазып чыкты.

 

Кулматов – Атамбаев доорунда Бажы кызматынын орун басары, башчысы, андан соң Бишкек шаарына мэр болгон. Андан кийин Кыргыз-Орусиялык өнүгүү фондуна жетекчи болуп кеткен. Ажонун эн ишенимдүү адамдарынын бири.

 

Ошентип, мурда айтылып жүргөндөй, Атамбаев кимди мураскер кылып дайындай турганы билине баштады.