“Биз кечээ эле баарыбыз чогуу сиздер менен оппозицияда болбодук беле, азыр болсо кайрадан эле өлкөбүздүн келечеги үчүн бир столго чогулуп отурабыз. Ар бир шайлоонун алдында “шайлоо таза өтсүн” деп бүгүнкүдөй форумдар өтүп, мен бардыгына катышып турам. Бирок баары бир шайлоолор таза өтпөй жатат. Бүгүнкү форумда 2011-жылкы президенттик шайлоого катышкандар отурат. Алардын бири менмин. Ал шайлоодо жүз миңдеген шайлоочулар добуш бере албай калышкан. Ошондой эле автобустар менен адамдарды шайлоо участкаларына ташып жүрүшкөнүн өзүм көргөм. Ошол шайлоо туура эмес өттү деп эч ким айткан жок, биз эле айтып чыктык. Ошондуктан бүгүнкү форумда айтылган сөздөр сөз бойдон калбай, ишке ашырыш керек. Президенттин мураскер калтыруусуна абайлап мамиле жасайлы. Балким, Алмаз Шаршенович “мен баарын түшүндүм, эми мамлекет үчүн иштейли, мураскер катары Өмүрбек Чиркешовичти колдогула”- десе эмне үчүн биз президенттин мураскерин колдобошубуз керек? “Саясатчы катары деңгээли жогору адам, мен ушуну мураскер кылып жарыялайм, Адахан Кимсанбаевичти шайлагыла”,- десе эмнеге биз шайлабашыбыз керек?”,- деди анда сөз сүйлөгөн К.Ташиев.

 

Мындан тышкары К.Ташиев форумдун резолюциясынын 2-пункту менен макул эместигин билдирип, мурдагы президенттин саясый партиянын мүчөсү болуу укугунан ажыратпоо керектигине токтолду. “Эгер мен президент болуп калсам, анда  мөөнөтүм бүткөн соң саясый турмушка кайрадан өз партиямдын жетекчиси катары аралашкым келет”,- деди ал.