Президент Алмазбек Атамбаев  “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаевдин Кипрден мамлекет башчысынын мүлкү боюнча материалдарды “тапканы” тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүлөрүн текшерип чыгып, мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүнү өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаевага тапшырды.

 

Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө президентти жана коомчулукту маалымдоого тийиш. Бул тууралуу бүгүн КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

 

Эске салсак, “Ак Кеме” мейманканасында президенттик шайлоого байланыштуу форумда Кипрге сапары тууралуу маалымат берген Текебаев: “ал жактан Атамбаевдин байлык-мүлкүнө байланыштуу айрым материалдарды таптым. Бул маалыматтардын баарын жакында ачыкка чыгарам”,- деп айткан.

 

Буга чейин Ө.Текебаев баш болгон “ата-мекенчилер” президент Атамбаевге импичмент жарыялоого материал топтой баштаганын маалымдаган. Ошондон баштап Текебаевге каршы бийликчил маалымат каражаттары тарабынан катуу “кара пиар” орун алууда. Кечээ КТРК 2010-жылдагы окуялардагы мародёрчулук боюнча Ө.Текебаев баш болгон “ата-мекенчилерди” айыптаган кезектеги көрсөтүүсүн эфирге чыгарды.