“Ак Кеме” мейманканасында президенттик шайлоого байланыштуу форумда Кипрге сапары тууралуу маалымат берген Текебаев: “ал жактан Атамбаевдин байлык-мүлкүнө байланыштуу айрым материалдарды таптым. Бул маалыматтардын баарын жакында ачыкка чыгарам”,- деди.

 

Мындан тышкары, депутат Ө.Текебаев Кипрде Европарламентте качкындар маселесин талкуулаган жыйынга да катышканын айтып өттү.

 

Буга чейин Ө.Текебаев баш болгон “ата-мекенчилер” президент Атамбаевге импичмент жарыялоого материал топтой баштаганын маалымдаган. Ошондон баштап Текебаевге каршы бийликчил маалымат каражаттары тарабынан катуу “кара пиар” орун алууда. Кечээ КТРК 2010-жылдагы окуялардагы мародёрчулук боюнча Ө.Текебаев баш болгон “ата-мекенчилерди” айыптаган кезектеги көрсөтүүсүн эфирге чыгарды.