Бүгүн "Ак кеме" мейманканасында боло турган иш-чарада президент Алмазбек Атамбаевдин мураскер даярдоосуна жол бербөө маселеси талкууланат.

 

"2017-жылдагы бурмалоосуз шайлоо" деп аталган жыйынды көрүнүктүү саясатчылар демилгелеп чыгышканын уюштуруучулардын бири Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна билдирди: "Демилгечилердин арасында Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Чолпон Жакупова, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана башкалар бар. Мындан ары бирдиктүү идея менен аракеттерди жасай беребиз".

 

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын күз мезгилине белгиленген. Азырынча тактыга ат салышууга “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев катышары расмий жарыяланды.

 

Президент Алмазбек Атамбаев мураскер даярдабай турганын, шайлоо элдин тандоосуна коюларын айтып келет. 

 

Булак: "Азаттык"