“Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү, Нарын мамлекеттик университетинин  профессору, 2015-2016-жылдары  Нарын шаардык  кеңешинин депутаты болгон Жолдошбек Сыдыков менен сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алдык.

 

- Жолдошбек мырза, сиз канча жылдардан бери “Ата Мекен” партиясына мүчөсүз. Жакындан бери сиздердин партиянын лидерлери президент Атамбаевге импичмент жарыялоо үчүн документтерди топтой баштады. Ишке ашабы?

 

- Импичмент ишке ашпаса дагы, анын саясый мааниси өтө зор деп эсептейм. Анткени бул кыргыз коомчулугунун басымдуу бөлүгүнүн пикири. Албетте, Жогорку Кеңештин  депутаттарынын көпчүлүгү импечментти четке кагат, бирок аны жарыялоонун себептерин бүткүл коомго ачык угузуу Кыргызстандын келечектеги саясый өнүгүүсүнө чоң позитивдүү таасирин берет.

 

- Бийлик бир кездеги үзөнгүлөшү Аида Саляновага мынча  эмнеге өчөшүп, аны сындырууга аракет жасап жатат?

 

- Ким билет, балким Аида Салянованын Кыргызстандагы өөрчүп кеткен коррупцияга каршы күрөшү Атамбаевдин өзүнө келип такалгандыр. Ошону сезип, күн мурунтан тузакка илип, күнөөлүү кылып салалы дешип жатса керек.

 

- Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин “түбүмө Салянова жетет” деп кооптонуп  жатабы?

 

- Андай болушу толугу мүмкүн. Анткени Аида Салянова мыйзамсыздык менен тайманбай, аёсуз күрөшүүгө даяр адам экен. Президент кеткенден кийин анын жана тегерегиндеги адамдардын үстүнөн көптөгөн кылмыш иштер ачылат. Ал иштерди аягына чейин жеткире турган Саляновадан башка эч ким жок.

 

- Кырсыкка учураган “Боингдеги” товар кыргыз чиновниктерине тийешелүү деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Эмне үчүн “Белизгейт” операциясына чекит коюлбай жатат? Илим Карыпбеков “Белизден апостильдин нукуралыгын тастыктаган документ келди” деп салды го...

 

- Бул ишти аягына чейин иликтеп чыгуу өтө зарыл. Себеби, кырсыктын аркасында эл аралык контрабанда бар экени көрүнүп турат. “Белизгейт” бул атайын уюштурулган фальсификация, провокация экендиги толугу менен далилденди. Белизгейттин уюштуруучулары жоопко тартылышы абзел. Илим Карыпбеков КТРКны жалган маалымат таркатуу машинасына айлантып салды. Ал дагы жоопко тартылышы керек. Апостиль нукура, бирок апостиль документин мазмунун тастыктабайт. Илим Карыпбеков “Белизгейт” провокациясынын сырын өзү ачып салды.

 

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.02.2017-жыл