Өспүрүм балдардын өз жанын кыйуусуна алып бара турган интернеттеги “Көк кит”, “Тихий Дом” аттуу оюндар акыркы апталарда коомчулуктагы эң көп талкууланган темага айланды. Мына ушундай оюндардан улам өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн болгондугу тууралуу фактылар Россияда катталганы да билинди. Кейиштүүсү, андай факты бирөө гана эмес, ондон ашуун. Андыктан мына ушундай келечек муундун тагдырына балта чаба турган “долбоорлордон” оолак болуу максатында маалымат булактарында түшүндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.

 

Мына ушундайча айрым адамзаттын душмандары интернет аркылуу өспүрүмдөрдүн өмүрлөрүнө кол салып, адамзаттын келечегине балта чабууну көздөп атса, өлкө ичинде айрым саясатчылар мамлекеттин тагдырына балта чабуу менен алектенип келет. Кудум саясый “көк кит” өз “долбоорун” жүргүзүп жатышкандай.

 

Мисалы, парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ жакында эле “Манас” аэропортуна жакын жайгашкан “Дача СУ” айылында болгон учак кырсыгынан саясат жасап, “бул учактагы жүк Кыргызстанда калмак экен, анда баланча тонна жүк болуптур, андан бирөөлөр түкүнчө миллион доллар таап жүрүшүптүр”- деген сыяктуу билдирүүлөр менен опурулуп чыкты. Анан дагы “Биз түрк авиакомпаниясынан сурадык, алар жүктү Кыргызстанда калмак деди”,- деп жалганды каратып туруп айтканын кандай кылабыз?

 

Бактыга жараша Текебаевдин арам ою таш капты. Учактагы жүк Кыргызстанга эмес, Түркияга бармак болгонун, “Боинг 747” учагы Кыргызстанга күйүүчү май куюу жана экипажды алмаштыруу үчүн гана конмок болгонун ошол учактын ээси болгон компания өкүлдөрү билдирип чыгышты. Ошентип бийликти элге жек көргөзүп, дагы бир башаламандык аркылуу мамлекетти жарга такоону көздөгөн Текебаевдин саясый “Көк китинин” биринчи сериясы жүзөгө ашкан жок.

 

Андан соң Текебаевдин командасында иштеген Ильич Кулназаров аттуу журналист “Көк китти” бийлик жөн эле ойлоп тааптыр, эптеп элдин көңүлүн учак кырсыгынан алыстатуу үчүн”- деп билдирип чыкты. Эгерде Кулназаровдун мээси анча-мынча иштей билсе, анда ал “Көк кит” интернет оюну тууралуу чуулгандуу маалыматтар адегенде Кыргызстандан эмес, Россиядан чыкканын билет эле. Же кыргыз бийлиги Россияда да маалымат саясатын жүргүзөт деп ойлойбу?

 

Эске сала кетсек, өткөн 2016-жылы жергебизде Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүп, дүйнө коомчулугунун кулагын түрдүргөн эле. Ал оюнга дүйнөнүн 60тан ашуун мамлекетинен спортчулар, коноктор келип катышып, кыргыз элинин түпкүлүктүү маданиятына, үрп-адатына, улуттук тамак-аш жана спорттук оюндарына, элибиздин кең пейил меймандостугуна, кереметтүү кооз жерине суктанып, тамшанып кайтышкан. Эл аралык абройлуу басылмалар, телеканалдар, радиолор, интернет сайттар бул оюндардын жүрүшүн чагылдырып турушту. Ток этерин айтканда кыргыз бийлиги азыраак гана каражат коротуп, Кыргызстан тууралуу эл аралык деңгээлде эң сонун пикир жаратып, реклама кыла алды. Эми туризм тармагында олуттуу жылыштар болорунан шек жок.

 

Бирок, ошондо да элдин баары кубанып, сүйүнүп атса, “ата-мекенчилер” кейип-кепчип, “ушунча акча коротуп эмне кереги бар эле?”- деп чыгышкан. Айтор, бийликтин жасап аткан жакшы иштерин көрө албай, кырсык болсо андан да саясат жасаган “ата-мекенчилер” мамлекет үчүн “Көк кит” оюнундай эле коркунучтуу болуп туру.

 

Ысмайыл Бороонов