Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “бийликти күч менен басып алууга аракет жасагандыгы” айтылып, а чынында президент А.Атамбаев баш болгон бийлик башында турган адамдарга карата кескин сын-пикирлери үчүн камалган Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринин үстүнөн жүрүп жаткан сот процесси аяктоо алдында турат. Баса белгилеп айтабыз: сот жабык түрүндө өтүүдө. Мындай мамиле өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерге карата да колдонулбай тургандыгын айтып өтүү зарыл.

 

Өткөн жумада мамлекеттик айыптоо тарабынан Кыргыз эли “саясий туткун” баасын берген саясатчыларга карата жаза чегин суранып, сотко кайрылды. Ага ылайык, бийлик саясий каршылаштары Бектур Асановго - 15, Кубаныч Кадыровго - 16, Дастан Сарыгуловго – 12, Эрнест Карыбековго бүт мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга абакка кесүүгө бел байлады. Буга байланыштуу, коомчулукта нааразычылык кептер арбын. “Оппозиция өкүлдөрү Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановторду эл душманы кылып, тим эле №1 террористке айландырышты го чиркин. Таң калганыбыз, эми ушу Кадыров менен Асановтон башка мамлекетибизде проблема жокпу деген ойго аргасыздан келесиң. Алар деле кыргыздын жигиттери, алар деле мамлекетибиз өнүгүп өсүү жолуна түшсүн, “бийликтегилер иштебей жатат” деп сындап коюшуп балээлерине калышты, камалышты. Эми ушул саясатчыларды камап койсо эле, элибиз жыргап калган жери жок да?”,- деген өңдүү пикирлер улам көп айтыла баштады. Саясий туткундардын жактоочулары: “мейли бүгүн Кадыров менен Асановту камап койгула дейли, эртең башкалары деле чыгат, алардын баарын камап койсоңор аларга дагы макул бололук, бирок жалпы эл журтту камай албайсыңар да туурабы!?”- дешүүдө. Кандай болгон күндө да, бийлик оппозициялык саясатчыларды саясий аренадан биротоло сүрүп чыгуунун камын көрүүдө. Алдыда – президенттик шайлоо. Эгер бул адамдар азыр абактан чыгып кетсе, президенттин өз бийлигин мураскерине өткөзүп берүү аракети таш кабары белгилүү. Ооба, азыр адилеттүүлүк жок, сот Ак үйдүн көзүн карайт. Бирок учуру келгенде бул саясатчылар улуттук баатыр катары түрмөдөн чыгаары турган иш. Ошого каниет кыла тураллы...

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.02.2017-жыл