Апта башында “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев басма сөз жыйынын куруп, Атамбаевдин байлыгы тууралуу сөз кылды:

 

- Алты жылда Атамбаев айлык акы алып алты миллион сомдой акча тааптыр. Алты жылдын ичинде Атамбаев бир эле жолу чыгым жасап, Албек Ибраимовдон 34 миллион сомго жер тилкесин сатып алат. Албетте эми анын алты миллиону жетмек эмес, аялы жардамга келген. Аялы экөөнүн кирешесин кошкондо 38 миллион сом алты жылда иштеп тапкан болот. Алты жылда тапканын негизинен бир жер тилкесин сатып алууга жумшашыптыр. Көз карандысыз эксперттердин айтымында, Атамбаев курдуртуп жаткан хансарай алты миллион доллар турат. Атамбаев жана анын маалымат кызматы ал үй жеке каражатка курулду деп айтып жүрөт. Ал акчаларды кайдан алды? Бул биринчи суроо. Ал жерге асфальт жол курулган. Суунун ары жагында алты гектар жери бар. Ошого чейин асфальт жол бар. Эки тилкени бириктирип, темирден көпүрө салынган. Мунун баары кайсы акчага салынды деген суроого жооп ар бир кыргызстандык үчүн керек.

 

Атамбаев мени “аялым багып жүргөн деген адам 2010-жылдан кийин мультимиллионер болуп калды, морадер, баарын басып алды” деп жатат. Эгер ошону айтып коюп эле тим болсо Атамбаевдин мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнө шылтап, көңүл деле бурбай коет элек. Бирок ошону жетекчиликке алып КТРК баштаган бийликке ыктаган ММКлар жарым жылдан бери “Текебаев 2010-жылдан бери байып кетти” деп сайрап келе жатат. Менин кызматтык квартирамды дагы айтып жүрүштү. Мен ал жерде 1995-жылдан бери жашайм. Мен анын бир балконун иш бөлмөгө айлантып алгам, экинчи балконунда аялым элден буйрутма алып кийим да тигип жүрчү. Ал батирди мага убагында Курманбек Бакиев берген. Канчалык мени жек көрсө дагы 20 жылдык эмгегимди эске алган. Эми ошол үйдү Атамбаев мени 2013-жылы басып алды деген мазмундагы сөздөрдү КТРК аркылуу айттырып жатат.

 

Осмонбек ​Артыкбаев, ЖК депутаты:

 

“Атамбаев китеп сатып байыган”

 

- Ошол убактарда Орусияда китеп алуу үчүн күнү-түнү кезекте турган учурлар да болгон. Китептерди ал жакка ташып барып саткан учурлар да болгон. Китеп базары чоң эле базар. Ошол убакта эбин тапкандар колунан келген бизнесин жасаган. Мен Атамбаевдин ошол учурларда Орусияга жана башка жактарга китеп сатканын уккам жана ошол бизнестен ирденгенине көзүм толук жетет.

 

​ Турат Акимов, саясат талдоочу:

 

“Бири-биринен өч алып жатышат”

 

- Убагында ал экөө үзөнгүлөш болуп чогуу иштеп жүргөн. Анан бирөө кызматтан кетерине жакын калганда экинчиси былык иштерин аныктайм, адилеттикти издейм деп жатат. Мен Текебаевди 17 жылдан бери тааныйм, дасыккан саясатчы. Бирок азыр анын баштап жаткан иштери кеч башталды. Муну эми саясий оппонеттердин бири-биринен өч алуусу деп эле бааласа болот. Эртең экөө кайра табышып деле алышы мүмкүн. Бизде саясатчылар жоопкерчиликти алган эмес, эч нерсеге жооп берген эмес. Ошондуктан бир фракциядан экинчи фракцияга, бир коалициядан экинчи коалицияга, бир топтон экинчи топко өтүп жүрүшөт да. Саясатчылардын ушул мууну Акаев, Бакиевдин тажрыйбасын алган. Азыр эми кармашып жаткан тараптардын жеңилгенинен дагы, жеңгенинен дагы коомго пайда жок. Эл чынында кайдыгер, ой-максаты башка. Эки жакка тең кошулбайт, ээрчибейт, бири-бирин жеп бүтсүн деп карап турат. Коомчулук жаңы ой, жаңы принцип, жаңы тилек-максат, идеяларды күтүп жатат.

 

Даниел Кадырбеков, саясат таанучу:

 

“90-жылдары бизде легалдуу акча табуу мүмкүн эмес болчу”

 

​- Эгер президент өзүнүн байлыгы тууралуу ачык айтып берсе, анда өз маңдай тери менен топтогон турбайбы деп ага ишеним жогоруламак. Андан сырткары жөнөкөй жарандарга дагы үлгү болот. Көмүскө экономиканы дагы сыртка чыгарганга жардам берет. Эгер президент байлыгын ачык көрсөтсө, анда бул чоң саясий маданияттын үлгүсү болмок. Эгер маалымат бербей койсо бүдөмүк ойлор көбөйө баштайт. Бирок “мен алты жыл иштедим, мынча акчам бар болчу, азыр мынча болду” деп айтса, “бул акчаны мен бул жерден таптым”- деп түшүндүрүп бериши керек. Себеби эртең жаңы бийлик келсе аларда деле ушундай суроо туулат. Азыр эми “Текебаев 2010-жылдан кийин эле байып кетти” деп айтып жатпайбы, эми ошону такташы керек же төгүнгө чыгарышы керек. Бирок менин жеке оюмча Атамбаев ага барбайт го. Биринчиден, өчөшүп деле барбайт, экинчиден, мен анын байлыгынын таржымалы тууралуу шек санагым келбейт, бирок 90-жылдары бизде легалдуу акча табуу мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан акчаны чындап каяктан тапканын, "Мерседестерди" кайсы акчага алганын ачык айтышы керек болот да.

 

“Азаттык” чагылдырган пикирлер пайдаланылды

 

Булак: “Майдан.kg” гезити