Өткөн аптанын этегинде 2010-жылкы парламенттик шайлоодо аран дегенде 2 пайыздан көбүрөөк добуш топтоп, мандатка илинмек тургай, жакындабаган “Ак шумкар” саясий партиясынын курултайы болуп өттү. Аталган партиянын Бакиевдин режимине каршылык көрсөтүүдө алдынкы сапта турганын тана албайбыз. Бирок, анын катарындагы карапайым мүчөлөр мыкты болгону менен, лидерден аксап, ошонун айынан саясатта жарытылуу күч боло албай жатканын белгилеп кетүү да парзыбыз.

 

Мына ушул партиянын курултайында бир добуштан Темир Сариевди президенттик жарышка чыгаруу чечими кабыл алынды. Эгерде биз Темикенин артынан чыккан чуулгандуу окуяларды эске ала турган болсок, анын кадыр-баркы “плинтустан” ылдый түшүп кеткенин байкасак болот. Апрель революциясынан кийин банк кутучаларынан табылган миллиондорду бөлүштүрүү жаатындагы үн тасманын каармандарынын бири экенин эл билет. Ал эми анын түштүк элин бөлгөн сөздөрү интернетте канчадан бери ызы-чуу салууда. Бул аз келгенсип, премьер-министр кезинде Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу жарыяланган тендер боюнча айыпталып, кызматынан кол жууп, азыр да тергөөгө барып-келип жатканын билебиз. Ошондуктан, буга чейин Кыргызстан демократиялык кыймылынан президенттикке талапкер катары аттанган Турсунбек Акундан да аз добуш ала турган болсо, таң калыштын кереги жок. Ага караганда Тукең таза жүргөн инсан. Элдин укугу кордолгон жердин баарына барат. Башын тобокелчиликке салган учурларын калк калыс таразаласа, ал марага Сариевден ашып барат.

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.02.2017-жыл