“Спикердин отставкасын талап кылуу - парламенттеги шоу эле болуп калды”

 

- Азимбек Анаркулович, бир эле мезгилде жогорку кызматтагы үч адамдын отставкасы талап кылына башташы Кыргызстанда кырдаал курчуп баратканынан кабар береби же саясый шоулар күч алганын тастыктайбы?

 

- Негизи,  президенттик шайлоо жакындап калган үчүн ушундай жагдай жаралып жатат. Айтайын дегеним,  шайлоо алдында жана шайлоодон кийин революциянын алдында жана революциядан кийин кыргыз саясаты мына ушундай отставкаларды талап кылуу  менен коштолот. Башкача айтканда, жазында жер көпкөнсүп, саясатчылар да көбө баштайт. Бир мезгилде катар-катар отставкаларды талап кылуу жаңылык деле эмес. Бул болуп келген жана  боло берчү көрүнүш. Бабановдун Чыныбай Турсунбековдун  отставкасын талап кылганы парламенттеги эле шоу. Кечээ тирешип, бүгүн жарашып алышты. Анткени, алардын кожоюну бирөө. Кожоюн: “элге, журтка сөз болуп, эмне тентектик кылып жатасыңар”- деп каарып койсо керек. Ошон үчүн жараштык деп жар салып, Өмүрбек Бабанов менен Чыныбай Турсунбеков колтукташып пресс-конференция беришти.

 

“Аалы Карашев интригаларга аралашкан жок”

 

- Аалы Карашев КСДПдан парламентке депутат болуп келгенден бери бири “спикер кылат экен” десе, экинчиси “Алмаз Атамбаев президенттик жарышка тымызын таптап жатыптыр”- деген имиштер арбын айтыла баштады.  Кайсыл имишке ынансак болот?

 

- Башкалар сыяктуу Аалы Карашевдин да президенттик шайлоого катыша турган укугу бар. Ал да Кыргызстандын жараны. Талапкерлигин койсо болот. Ал бир канча жылдан бери аппаратта иштеп, дасыккан аппаратычы катары такшалып калды. Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин өкмөтүндө иштеди. Көп интригаларга аралашкан жок.  Тапшырган милдеттерди гана аткарып жүрдү. Тигиге, буга иштеди деп жаман көргөнүбүз менен ал деле Кыргызстандын жараны. Мүмкүн азыркы президент мураскор катары сунуштап жатса жаткандыр. Балким, кийинки президент ушул болуп калышы да мүмкүн...

 

- Бабанов президенттик шайлоо боюнча мыйзамга  өзгөртүү демилгесин көтөрүп, “президенттик шайлоонун күрөөсү 300 миллиондон, 500 миллион сомго чейин  болсун” деди. Бул жагдай президенттикке жалаң олигархтар гана аттаныш керек деген жагдайды жаратып койбойбу?

 

- Парламентте 500 миң доллардан  жогору акча берген алтын, күмүш депутаттар отурат. Бе- бечераларга “акча төлөй албагандар президент болбой, мага окшогон байлар болсун” деген аракетте Бабанов мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрсө керек. Бир эсептен бул демилгени  деле колдоп койсок болот. Себеби, бей-бечералар Бабановго окшогон байлардын буту-колуна чалынбай, ошолордун ырын ырдашы керек да.

 

“Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүндө президенттен кечирим суроо оюу жок”

 

- Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаев президенттик мөөнөтүн аягына чейин өтөш үчүн өзүнчө кеңешме кылып жатыптыр деген маалымат тарады. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн алдында президент кечирим сурабаса, кырдаал мындан да оорлоп кетиши мүмкүнбү?

 

- Биз, Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү саясый аренадан кетпей, өзүбүздүн бир талапкерди, тагыраак айтканда, революциячыл күчтөр менен бирдикте колдоп чыгуу ниетиндебиз. Анткени, “президент болом” дегендердин көбү Акаев, Бакиевдердин алдында портфель көтөрүп жүрүп, байып алган  адамдар. Кокус ошолор президент болуп калса, Бакиевди Минскиден алып келип,  “Елисеевге аяр мамиле кылыш керек”- деген маселени көтөрүшү толук мүмкүн. Ошондуктан, улуттун келечегин, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлоп, жалаң эле олигархтар депутат, президент кыла бербей жүрөгү таза, элим, жерим деген адамды революциячыл күчтөр менен бирдикте тандайлы деп жатабыз. Ошондой эле “Атамбаевдин алдынан өтүп, чөгөлөп кечирим сурайлы”- деген ой эч бир убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн капарында да жок.  Үзөңгүлөштөрүн кууп жиберип,  бир топ катачылыктарга жол бергени үчүн кечиримди Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү эмес, Атамбаев өзү сурашы керек. Анткени, ал президент. Революциянын максаттары ишке ашпай калса, ал Атамбаевдин катачылыгы. Ошондуктан жарашуу Атамбаев тараптан болсо ойлонуп көрөбүз. Биз тараптан Атамбаевдин алдына барып,  жарашалы, ынтымакка келели деген болбойт.

 

“Чынында президенттин да, Текебаевдин да айткандарынын 80-90 пайызы жалган”

 

- Кырдаал курчуп баратабы же коомдук пикир жаратып, Текебаев сактануунун айласын кылып жатабы, акыркы күндөрү эрикпей Атамбаевдин байлыктарын эсептей баштады го?...

 

- Атамбаевдин бийлиги деле Текебаевдин байлыгын чубап, кечээ эле  нанга жарыбай жүргөн, бүгүн байып кетти деп мени кошо сындап  жатышат го. Текебаев ошого жооп берип, сен деле мындай болчусуң деп жатат да. Анткени, Текебаев да фракция башчысы. Атамбаев экөө алты жыл бирге отурду. Кимиси кантип байыганын жакшы билет. Ошондуктан, бири бириникин чукугандан көрө коомдун коопсуздугун, стабилдүүлүктү сактоону ойлонуп, өз абийирлерин жабышса жакшы болот эле. Бул жерде бири-бириникин чукугандан эч кимиси утушка ээ  болбойт. Утулуш гана болот. Бакиев Минскиде, Акаев Москвада жатып, “революционерлердин акыбалын кара”- деп күлүшөт. Россия, Казакстан, Өзбекстан шылдыңдайт. Ошон үчүн эрте күндү кеч кылбай  жамандыкты да, жакшылыкты да башынан кечирген тажрыйбалуу, жаштарга үлгү болчу саясатчылар экенин эстеп, тизгиндерин тартып,  бири-бирин чукуп, күндөш аялдардай болгонун токтотуп,  салабаттуулуктарын  көрсөтүп, мамлекеттүүлүктү сактап, мамлекетчил экендерин көрсөтүшү керек. Буларды акылга чакырып жатканымдын да жөнү бар. Экөө тең 60ка чыгып калды. Ошондуктан, тирешип, ар кайсы жалганды койгулаштырышпай, акылдарына келиши керек. Чынында экөөнүн тең айтып жаткандарынын 80-90 пайызы жалган. Элдер президент, депутат айтып жатса чын деп ишенип жатышат. Элдин башын айлантпай жана сөз кылган  жарашуу процессин баштайм десе, алгач экөө жарашышы керек.

 

“Келдибековдун аялы менин карындашым”

 

- Кокус Келдибеков президент болсо, анын аялы Майрам Акаевадай болуп, тымызын бийлик жүргүзүп, чиновниктерди башкара башташы мүмкүнбү? Себеби, сизди айтты деп коомчулукка ушундай маалыматтар тарай баштады го?

 

- Келдибеков экөөбүздү каршылаштыргысы келген чагымчылдар  шайлоо алдында  ушундай сөз чыгарып, аны мага жармаштырышыптыр. “Бекназаров Нарынга барганда Келдибеков президент болсо, аялы Майрам Акаевадай тымызын бийлик жүргүзүп, чиновниктерди башкарат,”- деп Бактыгүл деген аял “Кыргызтудэй” сайтына  айтыптыр деп уктум. Сыягы  калпты чындай, чынды Кудай ургандай айтып, элди ынандырууга аракет кылган шайлоонун шайтан оюндары башталды окшойт. Себеби, чагымчыл күчтөр ар кимди жалган жерден уруштуруп, кырдаалды курчутууну көздөшөт. Чынында Келдибековдун аялы - кыргыздын накта кызы. Ал Саруунун кызы. Мен андай кыздар менен “карындашым кыйын” деп сыймыктанам. Келдибеков соттолуп жатканда “журналисттерди чөгөлөтөм” деп айтканын аткарып, өмүрлүк жолдошун соттон сууруп алды.

 

“Мегаком”  боюнча Текебаев, Шыкмаматов, Саляновалардын эч кандай тиешеси жок”

 

- Азимбек агай, “Мегаком” чыры кайра жанданып, УКМК Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алманбет Шыкмаматовдор “Мегакомдун” акциясына  ээ деген маалымат таркатып жатат. Сиз “Мегаком” маселесин башкаларга салыштырмалуу жакшы билген адамсыз. Аты аталган депутаттардын чын эле тиешеси барбы же ак жеринен караланып жатышабы?

 

- 10 күндөн бери мага жер-жерлерден ар ким телефон чалып, “телевидениеден сенин да сүрөтүңдү көрсөтүп жатат. Макул болуп, кол койгон экенсиң. Үнүңдү чыгарып койбосуңбу”- деп жатышат. Мен  бул маселени айта берип, чарчап бүткөнүмдү, “Унчукпай коюуга укугум жок” деген ачык каттарымда Атамбаевге “Мегакомдун” иши токтоп калды го. Аягына чыгарып, 51 пайызын да конфискация кылып, Елисеевдин ишин ары-бери кылбайсыңарбы”- деп жазганымды айттым. 7 жылдан кийин чоочугансып, ушул жерден бир нерсе табабыз дегенсип, азыр аны чууга айлантып жатканы  кызык болуп жатат дедим. Убактылуу Өкмөт 49 пайызын мамлекетке алып, “Мегакомдун” калган 51 пайыз акциясын 2010-жылдын 7-майында арест салып, сата албай турган кылып койгонбуз. Ошол боюнча 2014-жылга чейин, башкача айтканда, сот бүткүчө турду. Бирок,  эмнегедир 2014-жылга чейин бул маселе каралбай жатып, 51 пайызын араң конфискация кылышты. Башкага доомат коёрдон мурун ошол мезгилден  азырга чейин бийликте кимдер отурганын карашса жакшы болмок экен. Мен  2011-жылдан баштап бош жүрөм.  “Мегакомдун” жетекчилигин өздөрү дайындап, ортодо Рыкунова менен  Мурзакуловдорду каматышты. Биз алып берген нерсени жөндөп, мыйзамдаштырбай ыр-чырды өздөрү көбөйтүп алышты. Сыягы, буга  чейин бийлик бутагында тургандардын бири-бирин чукуп жаткандарына караганда Текебаев, Салянова, Шыкмаматов, Атамбаевдердин  бөлүшө албаган нерселери бар окшойт. Ошону чукушуп, ачыкка  чыгарып жатышабы деген ой келет.

 

Бирок, мен бир нерсени баса белгилеп коюшум керек. Менимче УКМК доомат койгондой “Мегакомдун” акциясы боюнча Текебаев, Шыкмаматов, Саляновалардын эч кандай тиешеси жок. Анткени, 2010-жылы биз 49 пайызын мамлекетке алып, 51 пайызын арест салып, эч ким сата албай турган кылып койгонбуз.  2014-жылы гана сот конфискация кылып, мамлекеттин карамагына алды.  Конфискация болгонго чейин Маммүлк фондунун карамагында турду. Анан каяктан Текебаев, Шыкмаматов, Саляновалар акцияларга ээ болуп, жеп жиберсин. Кыскасы, “Мегакомдун” акциясын алып алды”- деген  абсурд. Маселе акцияда эмес, маселе “сот болгонго чейин дивиденддер кандай бөлүндү”- деген маселеде. Азыр ар кимге доомат койгондон мурун  ошол дивиденддер кандайча бөлүнүп, кайда кеткен дегенди  изилдеш керек.

 

Бул маселенин жанданып калганына караганда атын чыгаргысы келбей тымызын иш кылган топтор тарабынан чоң кызыкчылык бар. Ошолордун кийлигишүүсү менен “Мегаком ” маселеси кайра  жанданып,  тымызын тирешти жандандырып, чыр чыгарып, ырбатып жатабы деп ойлоп жатам.

 

“Салянованын лицензия бергени канчалык деңгээлде кылмыш же кылмыш эмес экенин тергөөчүлөр аныктайт”

 

- Аида Саляновага Елисеевдин адвокатынын лицензиясын узартып берди деп кылмыш иши козголуп жатат го? Бул мыйзамдын алкагында элеби же аша чаап кетиштиби?

 

- Адвокаттык лицензия деген бир жолу берилип, ал өмүр бою жарактуу болот. Лицензия 2-3 айга берилбейт. Нотариустун гана лицензиясы кандайдыр бир мөөнөткө берилет. Елисеев мени Биринчи май райондук сотуна сотко берген. Елисеев өзү издөөдө жүрүп алып, “Бекназаров мага мыйзамсыз кылмыш ишин козготуп, куугунтуктатып жатат. Аброюма шек келтирип жатат” деп арыз жазыптыр. Мен сотко бир-эки жолу бардым. Адвокаты эле болгондуктан, “өзү келбесе катышпайм” деп сотко барбай койгом. Демек, ага кылмыш иш бар.  Мен: “Убактылуу өкмөттүн жыйынында качып жүргөн адамдарга неге лицензия берип жатасың”- деп Саляновага кайрылып, “Убактылуу өкмөттүн декретин уккан жок белең же Башкы прокуратуранын 300 адамдын ишин токтоткула деген тизмесин окуган жок белең. Елисеевге лицензия берип коюп, ал мени жана Убактылуу Өкмөттү сотко берип жатат”- деп кайрылгам. Салянова эмне үчүн лицензия бергенин түшүндүргөн. Бирок, ал канчалык деңгээлде кылмыш же кылмыш эмес, аны мен эмес, тергөөчүлөр аныктайт.

 

“Камакка алына турган кылмыш жасаган жок”

 

- Бийликти күч менен басып алганы жатат деген шек менен камакка алынган  оппозиционерлерге прокурор 15 жылдан  22 жылга чейин  камалсын деп, ошончо жыл сураптыр. Булар өтө көп жыл сурап, аша чаап кеткен жокпу?

 

- Аша чаап деле кетишкен жок. Сураган жылдары мыйзам ченемдүү эле болду. Прокурор 15 жылдан 22 жылга чейинки убакытты сураса, мен камактагылардын адвокаты катары: “акталсын, булар камакка алына турган кылмыш жасаган жок”- дедим. Эми  жыйынтыкты сот  чыгарат.

 

“Кудай жалгап, Отунбаева менен Атамбаев бийликтин алмашып турушун камсыз кылышты”

 

- Азимбек Анаркулович, президенттикке канча адам ат салышышы мүмкүн?

 

- Көрөсүңөр го, 50-60 адам “мен президент болот элем”  деп чыгышат. Чогулуш өткөрүп, ары-бери болушат. Бирок, канча жаман дегенибиз менен Атамбаев чоң иш кылып койду. Ал Елъцинге окшоп, бийликтин алмашып туруусун камсыз кылып койду. Акаев, Бакиевге окшоп бийликте отуруп алам деген жок. “Өткөрүп берем”- деп жатат. Чынын айтыш керек, эки революция тең бийликти түбөлүк ээлеп албасын деген максатта болгон.  Кудай жалгап, Отунбаева менен Атамбаев бийликтин алмашып турушун камсыз кылышты. Мындан ары бийликке келгендер мөөнөтү бүткөндөн кийин кетет. Кимди мураскор кылып калтырып кетет, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, Атамбаев Россиянын алдында көп убадаларды берип койгон. Сыягы, кийинки президент ким болоорун Путин менен Атамбаев биргеликте чечет окшойт. Башкача айтканда,  Россиянын бийлигин колдогон адам президент болот.

 

“Жок дегенде кан төгүлгөн жерде оппоненттерин каралаганды токтотушубуз керек”

 

- Кырсыкка учураган учактагы жүктүн ээси президент болушу мүмкүнбү?

 

- Биз эла аралык аренадагы жагдайды да  Кыргызстандагыдай берет деп ойлойбуз. Текебаевге да матрёшканын ичине Жаныш Бакиевдер наркотик салганда  тигил жактагы атайын кызматтар кармап алып, камап салат деп салышкан.  Биз да түрктөрдүн айтканын кулагыбыздын тышынан кетирип,  кырсыкка учураган самолёттогу  жүктү Атамбаев, Кулматов же Албек Ибраимовдуку болсо керек деп болгоп жатабыз. Чынында эл аралык авиациялар андай ишке барбайт. Булар бир адамдын жүгү менен жаман атты болгусу келбейт. Аларда аброй, намыс жогору турат. Ошондой эле эл аралык аренада кичинекей нерсе менен булганып, кадыр-баркын түшүрүп алгысы келбейт. Алар биз ойлогондой ишке барбайт. Биздин саясатчылар ошондон да кыйкым таап, оппонентин жаман көрсөтүп алуунун айласын издеп, түрдүү жоромолдорду айтып, элди ынандыруунун жолун издеп жатышат. Эгер сабыр кылып, ар нерсени айтпай өзүбүздү кармап турбасак,  Кыргызстан дагы бир жолу дүйнө жүзүнө шерменде болобуз. Өздөрүнөн өздөрү шекшинип, бийликтин бир бутагы болгон парламент адамдардын өмүрүн алган кырсыкты, трагедияны да ызы-чуу кылды дешет. Парламенттик комиссиянын жыйынтыгы чыкканда  гана айтпасак, жакындарын жоготуп кан жутуп отургандарды ого бетер кайгыга салып, кыйнабашыбыз керек. Ар кайсынын башын сүйлөп, оппоненттерин каралаганды жок дегенде кан төгүлгөн жерде токтотушубуз керек.

 

“Атамбаев ичимдикти анча көтөрө албайт”

 

- Досуңуз, бир кездеги жакшы санаалашыңыз  Алмаз Шаршеновичди эмнегедир коомчулукта аракты көп ичкен адамдай кара пиар күч алды. Ал чын эле арак көп ичеби?

 

- Ачыгын айтайын, Атамбаев азыркы кээ бир саясатчыларга караганда эң аз ичкен адам. Мисалы, Атамбаевге салыштырмалуу Бакиев көп иччү. Бирок, мас болчу эмес. Мен деле иччүм. Бирок, эрте мас болчу эмесмин. Атамбаев эл ойлогондой арак көп ичпейт. Болгону, ичимдикти анча көтөрө албайт.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.02.2017-жыл