Бир тарап, “атамекенчилдерди”  Курманбек хандын мүлктөрүн талап-тонодуңар деп күнөөлөсө, алар азууларын айга жанып экинчи тарапты “Бакиевдердин үй-бүлөөсүнө тийиштүү  кыймылсыз мүлктөрдү сатып жатасыңар” деп коомчулукка жар салып жатышат.

 

Элеттеги Эштек байкелер “мунусу айтса мунуку чын, тигиниси айтса аныкы да чын окшойт” деген бүдөмүк ойлордун капшабына кабылып, баштары маң болуп турган чактары. Ө.Текебаевдин “профессионал саясатчылыгын” натыйжасы - коомчулуктун оюн онго бөлүп, мээлерин тумандатып жатышы. Өмүкең өзүнөн күнөөнүн баарын алып салуу амалында чалмакейди чалып, ар кандай “жарымы төгүн, жарымы чын жарандардын көөнү үчүн” фактыларды жарыялаган жарчыга айланды. Кимде ММК болсо  ал зор күчкө ээ. Ө.Текебаевдин колунда “Сентябрь” телеканалы бар. Телеканал танкы короз кыйкыргандан баштап түн бир оокумга чейин өзүнө жакпаган саясий өнөктөштөрүн шыбайт. Кайра-кайра Дача-СУ айылындагы трагедияны ар кыл өңүттө көрсөтүп, элге күйүмүш болуп жалган патриоттордун кейиптерин кийип жатышат. Буларды уксаң көзүңүн жашы кургабайт. Жер муштап жатып каласың.

 

Бир кезде Бакиевдин жандай көргөн шакирти М.Мырзакматовду өз партиясын кошумуш болуп Курманбек Салиевичке шыйпандады. Айла-амал менен анын ишенимине кириш үчүн алгачкы чыйырын салган. Кийинчерек, мына жакында эле Москвага барып  К.Бакиевдин жакын санаалаштарына жолугуп келди. Бакиев менен “Текебаевдин байланышы бар” дешсе Өмүкең карманча танат да колтугунда жүргөн  Курманбек Салиевичтин Катя Урумкановасын унутта калтырат. Кептин ачыгы, К.Урумканова 2010-жылдын апрель окуясына чейин Бакиевге чын дилинен кызмат өтөп КТРКнын Баш директору болуп иштеп турган. Эми болсо Катя айым Текебаевдин телмире тиктеген тентек кызы. Каалаганын жасайт. Өзүн мактап, бийликти сындаган материалдарды Текебаев терип келет. Урумканова болсо унутта калтырбай баарын көркөмдөп эфирге чыгарат. Кыскасы, “Сентябрь” телеканалынын продюсери. Өмүрбек Чиркешович бир ок менен эки коён атып жаткан чагы. Продюсердин хан Курманбек менен байланышын билип туруп экс-президенттин көңүлүн көтөрө турган иштерди жасайт. Бийликти сындайт. Эки мааниде иш кылган эл депутатынын жүзүн элге  таптакыр жапа чеккен адам катары таанытууда К.Урумканованын эмгеги зор. Албетте, кожоюн деген кожоюн. Айткандарын жасаш керек. Бири Беларусь жергесинде, бири ЖКда отурса. Ө.Текебаевдин акырындап Бакиевдин адамдарына жакындап жатышы бекер жеринен эмес. Бул анын алыска салган укуругу. Укуруктун бир учунда Урумканова турат. Коомчулукта айкын болуп калган мындай байланышты “Ата-Мекендин” лидери кантип танат? Хамелондуктун  да жеткен чеги болот го?

 

Музаффар Дардибачаев,

Кара-Суу району