“Белизгейт” боюнча Жогорку Кеңештин үч депутаты Текебаев, Шыкмаматов жана Салянованын үстүнөн жалаа жапкан Абдиль Сегизбаев баягы калптын казаны кайнабайт болду. Үч саясатчынын таң калып, “ошол Белиздеги офшордо акчабыз бар бекен э?”,- дегенинче бар тура.

 

Президент Атамбаевди да эл алдында баланын оюнуна ишенген “наивный” адам көрсөтүп, уятка калтырды. Эми элестетип көрүңүз, Путиндин алдына ФСБнын жетекчиси ушундай "лажовый" материалды алып кирип жатканын жана ага Путиндин реакция кылганын. Жок, ал эч качан, ал эле эмес, биздин кошуна мамлекеттердин деле президенттери мындай "лажага" ишенип, же алынып кетмек эмес. Эми Кыргызстандын УКМКсына дүйнөлүк коомчулукту мындай кой, муногул эле Тажик, Өзбек, Казакстандын атайын кызматтары көчүгү менен күлүп жатышса керек.

 

Короздонгон Абдиль Сегизбаевдин кылаар иши ушул эле да. Баягы "торпоктун бараар жери саманкана" демекчи, кезегинде Акаевди жолдон чыгарган, кошоматчы Сегизбаевден башка эмнени күтүүгө болот эле? Ушундай эле болмок анын ишинин аягы. “Торпок Африкада да торпок” демекчи, Акаевди ала салдырган адамдарды жанына топтоп алып, Атамбаев кайсыл жакшылыктан үмүт кылды? Алардын кылаар иши ушул да. Билген акылы ашыкча кошомат, айга күнгө теңөө, кокус чындыкты бетке айтып, туура сүйлөгөн адам болсо, сары изине чөп салып, куугунтуктоо, баягы эле КТРден жамандатуу, президентке аны желмогуз көрсөтүү. Жагымпоздонуп, керек болсо “Менин президентим”,- деп, ал үчүн баарына даяр экенин Атамбаев өзү айтмакчы “иливой”  ыңгайлуу жерде демонстрациялоо. Башкага башы жетпейт. Сөзүмө ишенгиси келбегендерге мына факт бүгүн президентти кошо “позор” кылып, жалаа экени чыгып калган, Абдиль Сегизбаев “не грамотно” уюштурган – “Белизгейт”. Муну шерменде гана болду деп койот. Сегизбаев өзү эл өкүлдөрү алдында убадасын, президент “Белизден келди” деген документтер аныкталбаса УКМКнын төрагасын кызматтан шыпырып, катуу чара көрө турганын убадалаган. Эми булар жигиттик кылып убадасын аткарабы же дагы коомчулукту алдап кетеби, күтүп жатабыз. Биз аны эске салган сайын Абдиль Сегизбаев жана Ак үйдөгүлөр элдин көңүлүн ар кайсы ушак менен алаксытып жатат.

 

Дайырбек Орунбеков

(Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

 

Булак: “Майдан.kg гезити.