Президент А.Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Улан Исраиловдун ооматы келип турган кез. Ал кыска убакыт ичинде өтө чоң секириктерди жасап, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси (03.03.2016), андан кийин Ички иштер министри (11.11.2016) болуп дайындалды.

 

Албетте, анын мындай кызматтык “өсүүсүнө” мурдагы “шефтин” шарапаты тийип жатканын өзү танганы менен коомчулук сезип турат. Эми ошол “өз” бала Президенттин ишенимин кандайча аткарып жатат? Кеп мына ушунда турат?

Министрлик кызматка келгенине эки ай айланбай жатып У.Исраиловдун ИИМдин ичинде баштаган кадрдык жүрүштөрү коомчулукта кызуу талкууга алынып, нааразычылыктарды жаратып жатканы дагы белгилүү. Мисалы, кесипкөй милиция кызматкерлерин негизсиз куугунтуктап, алардын ордуна өз жакындарын коюу менен гана шугулданып жаткандыгы чынбы?

 

Айталы, ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматынын (ССБ) начальниги болуп Скандарбек Кочербаев деген полковник дайындалган. Кочербаев деген ким? Ал буга чейин үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын ММКлар менен интернет булактары коомчулукка таркатты. Бирок, аны төгүндөгөн маалыматты ИИМ да, С.Кочербаев өзү да бере элек. Демек, коомчулукка таркатылган маалыматтардын чындыгы бар деп айтууга толук негиз бар!

 

С.Кочербаев  Талас областынын Кара-Буура районундагы жеке менчик үйүн райондук милицияга үч жыл бекер кайтарткан факт тангалдырат. Өз кызыкчылыгы үчүн милицияны пайдаланып, бирок кайтаруу кызматы үчүн бухгалтерияга акча төлөөдөн баш тарткандыгын райондук милиция тастыктап берген.

 

Мындан тышкары, 3 жыл бою Ошто жүргөн, ал өзү айдабаган кызматтык машинага жалпы 4310 литр (156 233 сомдук) бензин алып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы да далилденген.

 

Скандарбек Анатольевичке окшогон полковниктерди министр Улан Джумабекович кайдан “чукуп” таап жатат? Албетте, Скандарбектей ИИМдеги жетекчи кызматтарга жаңыдан дайындалган “скандальный” полковниктер тууралуу жакында кеңири сөз кылмакчыбыз. Мындай фактылар боюнча маалыматы бар коомдук активисттер редакция менен байланышса болот!

 

Кадыр МОМОЕВ

Булак: “Майдан.kg гезити.