Кечээ жакында “Манас” аэропортуна Түркия мамлекетине тиешелүү “Боинг 747-400” учагы Гонконгдон 80 тоннадан ашык жүгү менен учуп келип, коноорунда кыйроого учурады. Аттиң, далай адам өлүп, далай үй-бүлө сыздап калганын ойлогондо жүрөк эзилет. Эми бул жагы башка кеп. Азыр жанагыл каргашалуу самолет алып келген жүк боюнча сүйлөшөлү.

 

Бул учак буга чейин 52 жолу ушундай рейс кылган экен. Демек, жанагыл 80 тонналык жүктөн далай эле жолу ташып келген десек болот. Буга мисал: мындан бир жарым ай мурун "Манас" аэропортунан чыккан үч жүк ташуучу фураны Финансы полиция кызматкерлери кармашып, алардын ичин ачканда өлкөбүзгө бажы салыгын төлөбөй киргизилген 70 тонна кымбат баалуу телефон, планшет, гаджеттер чыккан. Аны ошондо тартылып алынган оперативдүү видео тастыктап турат. Демек, кыйраган учактын ичиндеги 84 тонна жүк айрым майда-чүйдө, 14 тонна кимдир бирөөлөргө тиешелүү (үй тиричилик.. мисалы, мебель, аны муну..) сыяктуу товарларды кошпогондо, мурда кармалган 70 тонна жүктүн көлөмү менен окшош. Ал жүк да так ушул эле жол менен келген десек жаңылышпасак керек. Мындан улам бул контрабандалык иш эң сонун жолго коюлуп, абдан сонун киреше алып келип жаткан десек логично эле болот. Эми ойлонуп, акыл калчап көрө турган дагы бир маселе бар. Бул бизнести ким мындай конвейерге койо алган? Мына ушул суроого жакшылап маани берсек..  “Манас” эл аралык аэропорту стратегиялык өтө маанилүү объект болуп эсептелет. Жөнөкөй тил менен айтканда ал жерден бейчеки чычкан жөргөлөп өтө албайт. Бул жердеги ар бир кыймыл аракет УКМК, ИИМ, Коргоо министрлиги, прокуратура, чек ара кызматы, бажы Кызматы, Финансы полициясы жана башка мамлекеттик органдары көзөмөлдөп турат. Өзүңүз ойлонуп көрүңүз, 70-80 тонна жүк бажы салыгын төлөбөй “Манас” аэропортунан бардык жогорку структуралардын жаагын жап кылып, акырын гана чыгып кетиш үчүн жүктүн ээсинде кандай "крыша" болуш керек..? Мына ушундан улам “бул жүк президентке тийешелүү болуш керек”- деген кеп эл ичинде бекер чыкпаса керек. Анткени:

 

1. УКМК жетекчиси- Абдил Сегизбаев, президенттин айылдашы, иниси.

 

2. ИИМ жетекчиси - Исраилов Улан президенттин жан сакчысы.

 

3. Баш прокурор - Индира Жолдубаева - президенттин мурдагы жардамчысы

 

4. Коргоо Министрлиги - президентке түз карайт.

 

5. Мамлекеттик бажы кызматы - Азамат Сулайманов, аны ал кызматка Сооронбай Жээнбеков дайындаган. (Жээнбеков Атамбаевдин досу, жана анын уруксатысыз эч нерсе кылбайт.)

 

6. Чек ара кызматы УКМКнын алдында..

 

Мына ушул түзүмдөрдү кайсыл “башы бешөө” аттап өтүп кетет. Же тигил жүктөрдү мына бул кызматтагы президенттин көздөй көргөн көзүрлөрү өзүлөрү уюшуп алып, жасап жатышабы? Болбосо, “шефтин” добросун алган бирөө барбы? Өзүлөрү уюшуп алып, Атамбаевдин мурдуна бок сүйкөп жаткан болсо, анда президент жүргөн экен... А жок андай эмес десек, анда бул кылмыштуу ишке президент Атамбаев өзү аралаш болуп калып жатпайбы.. Башка кандай логика болушу мүмкүн? А айтмакчы бажы биримдигине кирген өлкөлөр биздикилердин бул кылыгын кандай кабылдашты экен, ал жөнүндө кийин кеп калаарбыз...

 

Дайырбек Орунбеков

(Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

 

Булак: “Майдан.kg гезити.