Президенттин мурдагы шоопуру, Лейлек районунун Катран айлында туулган Икрамжан Илмиянов “аваат” уруусунан болот. Бул инсан Атамбаев менен кошулуп бак айтып, бийликке келгени уруучулук менен мамлекетибиздеги кадр маселесине кийлигишип, аны коррупцияга айлантуу деңгээлинен чыга албай койду. Буга анын бир канча мамлекеттик постторго жеке досторун жана өзүнүн аваат туугандарын койгону тастыктап турат. Эгер туугандары иш билген, татыктуу кадрлар болгондо да мейли демекчибиз, бирок, Илмиянов мамлекетти өзүнүн менчик ишканасындай кылып, Кыргызстанга эбегейсиз зыян келтирүүдө, анын бул жоруктарын президент билеби-жокпу?!

 

1. Аширбай Жусупов, Катран айылынын тургуну, Аваат уруусунан, Илмияновдун  жакын тууганы, учурда республикабыздын башкы ветеринардык врачы. Бул инсан россиялык ишкерлерди миллионго “кидать” этип, алар биздин прокуратурага бир нече арыз менен кайрылышкан, андан майнап чыккан жок. Тескерисинче аларды Илмияновдун  жардамы менен депортация кылып, Кыргызстанга келе албай жүрүшөт.

 

2. Чолоев Абибилла, республикалык Салык кызматында чоң бөлүмдүн башчысы, аваат уруусунан, Илмияновдун  тууганы. Анын акыркы убакта кандай байлык топтоп, байыганын салык кызматында иштегендер жакшы билишет экен.

 

3. Чолоев Басыт, аваат уруусунан, МАИ тармагында президенттик полкту башкарып, учурда Баткен облусунда МАИ начальниги.

 

4. Бөрүбаев Самат Нарматович, аваат уруусунан, “Госархстрой”  статс-катчысы, эзели Баткенге эмей, бирөөгө жакшылыгы жок адамды ушул кызматка Илмиянов дайындаптыр. Бөрүбаев бир кезде депутат болуп турганда, мамлекет берген батирди менчиктештирип алган, башка эч кандай жумуш кылган эмес.

 

5. Бакай деген президенттин азыркы шоопуру, Лейлектен, аваат уруусунан, Илмияновдун  досу, учурда, Баткен облусунда бардык ИИМ, Сот, Финполициянын иштерине кийлигишип, тендерлерден утуп, акча жасоодо.

 

6. Исфана шаарынын тарыхында эн начар деген мэри Анарботоев, Илмияновдун  досу.

 

7. Кечээ эле участковый милициянын ишин аркалай албаган Аширбаев Акжол деген тууганын алгач Сүлүктүгө, анан Кызыл-Кыя шаарына начальник кылып койду, Аваат уруусунан, Илмияновдун  бир тууган тай акеси.

 

8. Мамлекеттик материалдык резерв ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Рустам Каракулов,  Илмияновдун  тууганы.

 

9. Мурда, Салык кызматын башкарган, учурда финансы полициясынын начальниги Замир Осмонов Илмияновдун  кан досу жана “кошелегу”, Илмияновтун тиешеси бар бизнестердин изин жаап жүрөт.

 

10. Жылдыз Исакулов, кличкасы «Жылдыз лимузин«, Цирктин жанында жайгашкан лимузиндерди ижарага берүүчү бизнести толугу менен көзөмөлдөйт, Илмияновдун катташкан досу, учурда Өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары.

 

11. Исаев Тилектеш, Илмияновдун  дагы бир чайлашкан-пайлашкан досу, КСДПдан депутат, Илмияновго  200 миң доллар берип депутат болгонун бүт Баткен эли билет экен, анын күйүүчү май (ГСМ) менен иштеп, “Газпромаэро” жетектеп тургандагы одоно кетирген каталарын Илмияновдун  жардамы менен жаап жүрөт.

 

12. Бөрүбаев Саматтын бир тууган агасы Баткенде “Ккыргызгипрозем” ишканасында  начальник, ал дагы аваат уруусунан болот.

 

13. Айдаров Турат Элбаевич, Илмияновго акча берип Бишкектин Свердлов районунун аким орун басары, Лейлектен.

 

14. Илмияновдун  бир тууган иниси учурда “СГОдо” иштейт, тажрыйбасы да, деңгээли да жок.

 

15. Илмиянов Зулкайнар, Икрамдын иниси, учурда Баткен бажысында иштейт, тажрыйбасы жок, билими начар.

 

16. Илмияновдун  дагы бир иниси, Илмиянов Рахим, Лейлекте аны “Максим” деп коюшат, бардык иштер ал аркылуу чечилет, Арка айыл өкмөтүн коркутуп, 30 сотка жерди бекер өзүнө өткөрүп алды, аны ишкер адамдар акчага ала албай жүрүшкөн экен, анткени ал жер Таджикистан менен чектешкен жолдо жайгашкан.

 

17. Президенттин күзөтчүлөрүн башкарган Раим деген бар, Лейлектен, аваат, Илмияновдун  досу.

 

Бул, биз билген маалыматтын 15 пайызы десек жаңылышпайбыз. Анткени президенттик аппарат, өкмөт, ИИМден тарта, керек болсо муфтиятка чейин Илмиянов өзүнүн туугандарын ар кандай кызматтарга дайындап койгон, ал түгүл көп араб мамлекеттериндеги Кыргызстандын элчиликтеринде Илмияновдун “аваат” туугандары ар кандай кызматтарды аркалап жүрүшөт.

 

Көрсө, “Кыргызстанды “шоопур” башкарат”,- деген туура эле сөз турбайбы. Айрыкча, Лейлектин элинин уруу-урукга бөлгөнү, адилетсиз саясатты жүргүзүп жатканы, элдин арасында Илмиянов  жөнүндө өттө эле начар пикирди жаратты. Элге жардам бергендин ордуна Чүйдөн фермаларды ачып, чоң бизнестерге “крыша” болуп, Замир Осмонов деген досу менен бирге миллиондогон долларларды топтоп койду, ушундай адамдар биздин кайран элди кай жакка жетелеп барат!?

 

Булак: iskra.kg