Президенттик шайлоо биздин билишибизче жылдын аягында болот. Бирок, айрым саясатчылар ага чейин чыдабай, өздөрүн күйөөгө бере турган кыздай мактатып чыга баштаганы эмненин белгиси?

 

Мисалга алсак, мурунку өкмөт башчысы Темир Сариев азыр жаны тынбай, башы көрүнө түшчү жердин баарына чуркап жүрөт. Чолок философияны камтыган комментарийлер менен сүрөттөрүн социалдык тармактарга чаптатып, андан кумарга батат окшойт. Билесиздер, өкмөт башчысы кызматына көрсөтүлүп жатканда: “парламенттик шайлоодо партиясы бир пайыз да чекти багынта албаган адам кантип Кыргызстанды башкара алат?”- деп көпчүлүк суроосун берген. Ошондон көп өтпөй эле башбакандык кызматынан чуу менен ыргып кеткен. Эми президенттик жарышка аттанса, элдин алдына барганда тендер боюнча кантип актанарын алдын-ала ойлонуп койгону оң. Ошол эле кезде элди бөлүп-жарып сүйлөгөн сөздөрү канча убактан бери интернетте жайнап жүрөт. Мунусуна айрыкча түштүк аймактарындагы кыргыз жарандары катуу ыза. Алардын алдына кантип барат, ошонду ойлонду бекен? Бул жагынан алып караганда, азыртан эле Темикеңдин шайлоодо жеңип чыгуусу күмөндүү болуп турган жокпу?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл