Алмазбек Атамбаев түштүк-түндүк балансын сактоо үчүн гана кармап келген Аалы Карашевден депутаттык мандат берип кутулар замат, ал ээлеп келген президенттик аппарат жетекчисинин 1-орун басарлыгына “дадил” жигит Сапар Исаковду дайындады.

 

АШАнын бул кезектеги кадрлык жүрүшүн серепчилер ар кандай жоромолдоп жатышат. Ушу кезге дейре президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп, “Кыргыз Госдеп башчысы” атка конгон, жумушунда жарытарлык жылыш жасай албаган, а бирок интриганын атасын тааныткан бу жаш кадрды азыртан “Атамбаевдин мураскери” деп божомолдогондор бар. Атамбаевдин тышкы саясатта кетирген катачылыктары ушу Сапар Исаковдун “эмгеги” экенин айтып жүргөндөрдүн оозу ушинтип ал Ак үйдөн “учпай” эле, кызматтык даражасы көтөрүлгөн соң көпкө чейин жабылды окшойт. Эгер эл аралаган сөздөр чын болсо (баса, Сапарды мураскер катары бийликтин камчысын чапкан медиа-каражаттар көп жазат), Атамбаев өлкөнү ушул балага ыраа көрүп тапшырса, кайран кыргызым, дагы шорубуз көп экен!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл