- Атамбаев “мен баймын, мага байлыкты Кудай берген” деп айтып жүрөт. Өмүрбек Бабанов бензин, Чыныбай Турсунбеков ун, Осмонбек Артыкбаев дары, Калыкбек Султанов үй куруу бизнеси менен байыды. Атамбаев буюм чыгарат деп уккан эмесмин. Иликтеп көрдүк, Атамбаевдин “Автомаш” ишканаларында акциялары калбаптыр. Убагында менчиктештирип алган мүлктөрүн сатып жибериптир. Мен муну кийинчерээк документтер менен жарыялайм. Быйылкы жыл Ыйман жылы деп жарыяланды. Президентке расмий түрдө кайрылам, быйыл ыймандай сырыбызды ачуу менен баштабайлыбы? Жомоктогудай байлыкты кайдан таптыңыз, мамлекетке канча салык төлөдүңүз, канча кишини иш менен камсыздадыңыз? Мен да айтайын, баарыбыз айталы. Президенттин байлыгынын көбү 2010-жылдан кийин пайда болуптур. Кудай берди деп бекер келген байлыкты айтат. Мээнет менен келген байлыкты “эл менен бирге таптык” дейт. Президентке байлыкты Кудай кантип бергенин жакында аныктайбыз.

 

(“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин 31-январда журналисттер менен жолугушуусунан)

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл