Саясий туткундар Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнест Карыбековдор Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын абагынан ажо Атамбаевге суроо жолдошту. Алар: “ушунун баары Атамбаевге импичмент жарыялоого негиз болуп бере алабы?”- дешүүдө.  Анда саясий туткундар төмөнкү суроолорду ажого жолдоду:

 

1. Кыргызстандан качып кеткен Д.Үсөнов 2009-жылы премьер-министр болуп турганда мамлекеттик элдик электроэнергияны Казахстанга 1 киловатт-саатын 4,15 центтен саткан. Сиз, 2010-жылы премьер-министр болуп турганда элдик электроэнергияны Казахстанга ортомчулар аркылуу 2,8 центтен саткансыз (өкмөт аралык келишимдеги баа көрсөтүлдү). Эмне үчүн Кыргызстандын кызыкчылыктары сакталбады жана түздөн-түз сиз тараптан келтирилген зыяндар ордуна келтирилген жок? (Справка иретинде: Казахстандагы электроэнергияны дүңүнөн сатып алуу боюнча чектеген минималдык баасы – 5 цент).

 

2. 2014-жылы Казахстанга мамлекеттик иш сапары менен барган учуруңузда казахстандык электр энергиясын 1 кв.саатын 9,5 центтен сатып алууга келишим түзүлдү. Бирок 4 центтен сатып алууга мүмкүнчүлүк бар эле. 2014-жылы декабрда (бир айдан соң) өкмөт электр энергиясынын баасын 316 пайызга же 2 сом 16 тыйынга көтөрдү (өндүрүш ишканалары үчүн 2,5 сом). Эмнеге сиз жана сиздин жан-жөкөрлөр жасаган зыяндын запкысын эл тартышы керек?

 

3. Мамлекеттик энергетикалык тармак светти ар бир керектөөчүгө жеткизип берет, анын арасында сизге таандык “Кыргызавтомаш” заводуна дагы. Эмнеге сиз эл катары өндүрүш ишканаларына чектелген 2,5 сомдон төлөбөйсүз да, 1,6 сомдон чегересиздер. Ошол убакта карапайым эл деле 2 сом 16 тыйындан төлөп жатканы жалганбы?

 

4. Качан сиз, өлкө президенти элден кечирим сурап, элдин акчаларын кайтарып бересиз?

 

5. “… 2014 г. и предшествующие ему года 2010, 2011, 2012, 2013, не являются маловодным…” (Из справки института водных проблем и гидроэнергетики Академии Наук КР). 2010-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 млрд. кубду тузүп турган, толуп-ташып турган. Кыргызстанга таандык суунун кимдер жана кайда жок кылышты?

 

6. 2010-жылдан 2017-жылдын январына чейин энергетикадагы кайсы коррупциялык схеманы жойгонуңузду айтып бериңизчи.

 

7. “Русгидрого” Жогорку Нарын ГЭС долбоору боюнча бөлүнүп, бирок ортодон жоголуп кеткен 37 миллион долларды кимдер төлөп берет, ар бирин фамилиясы менен атап бере аласызбы?

 

8. Терең социалдык-экономикалык, саясий, маданий депрессиялык абал жаңы ыңкылапка алып келиши мүмкүнбү? Анын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартасызбы?

 

Э.Карыбеков,

Б.Асанов,

К.Кадыров

Бишкек, 26. 01. 2017.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл