Бишкек, “Саясат.kg”. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-январда өз аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовдун 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдумдун жыйынтыктары боюнча киргизилген оӊдоолорду эске алуу менен  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун иши тууралу маалыматын укту.

 

Ф.Ниязовдун маалыматы боюнча, мамлекет башчысынын буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ ишин аяктап жатат. “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ушул мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен КР Конституциясынын расмий тексти  Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ушул Мыйзам күчүнө киргенден тартып он төрт күндөн кеч эмес убакта жарыяланууга тийиш. Мында референдумда кабыл алынган мыйзам Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуудан тышкары ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин бир катар шайкеш келбестиктерин жоюуну талап кылат.

 

Мамлекет башчысы жасалган иштердин маанисин белгилөө менен  ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү менен тартылган эксперттердин бул жооптуу ишти аткарууга өтө олуттуу жана дыкат мамиле жасоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

 

Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.