- Самсаалы мырза, мамлекетибиздеги азыркы саясый кырдаалга кандай баа бересиз?

 

-  Учурдагы саясый кырдаал түшүнгөн адамга оор. Бийлик элдин үмүтүн актап, алгылыктуу иш кыла албай жатат. Жергиликтүү кеңешке шайлоолордун жана референдумдун кандай өткөнүн өзүңөр көрдүңөр. Чоң нараазычылыктар байкалбаганы менен, эл арасында күндөн-күнгө ар кандай мүнөздөгү нааразычылыктар көбөйүп баратат. Мындай темп менен кете берсе арты жакшылык менен бүтпөйт. Адилеттик, калыстык болбогон жерде эртели-кеч тополоң чыгып кетиши мүмкүн.

 

- Өлкө эмнеден аксап жатат, таза, мыкты кадрдын жоктугунанбы же чаласабат жазылган Конституцияданбы?

 

- Бир нерсени мисал катары айтып кетейин. Бул албетте, кадр маселесине тийиштүү... Улуу Ата Мекендик согуштан кийин бир канча мамлекеттердин катарында Кыргызстандын айыл чарбасы чоң кризиске туш болгон. Ошол кыйынчылык учурда Исхак Раззаковго чоң жоопкерчилик берилип, өлкөнү башкаруу тапшырылган. Бул кишинин өлкөгө кылган зор эмгегинин жана аракеттеринин натыйжасында, канчалаган обьектилер, транспорттук, чарбалык, энергетикалык жана социалдык инфраструктуралар курулган. Ошол эле учурда иш тажрыйба жана билим менен бирге, зор уюштуруучулук шык, аналитикалык ой жүгүртүү менен патриоттук дух, алдыга коюлган милдеттерди Исхак Раззаков толугу менен эмес, ашыгы менен аткаргандыгы баарыбызга белгилүү. Демек, мамлекет эмнеден аксап жатат?... Көрдүңүзбү, мамлекет Исхактай уулдардан аксап турат. Ошондуктан мамлекеттик башкарууда бизге патриот, өзүн эмес, кыргыз элинин келечегин ойлогон мыкты, таза инсандар, мыкты кадр керек. Ал тургай так ушундай адамга зар болуп карайлап турабыз. Ошондой эле бизде “эл башкарат элек” деген дымагы бар “азаматтарыбызда” ынтымактын болбой жатканы өтө өкүнүчтүү.

 

Ал эми Баш мыйзамга токтоло турган болсок, ошол сиз баса белгилеп кеткен “чала сабат” Баш мыйзамдын кандай жазылганын, ал жазылган мыйзам кимдер үчүн пайдалуу экени баарына белгилүү. Бул жерде жеке кызыкчылык үчүн ишке ашкан Баш мыйзамды талкуулап отуруштун кереги жок го дейм...

 

- Мамлекетти өнүктүрүш үчүн сөзсүз саясый системаны алмаштыруу керекпи?

 

- Так ошондой, 25 жылдан бери система бир калыпта келе жатат. Менин жеке оюмча, алмаштыруу керек. Бизде орун алмашуу эле болуп келе жатпайбы? Орун алмашуудан эч нерсе таба алган жокпуз... Мына, 2010-жылдан кийин президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өттүк. Чын эле бизде парламенттик башкаруу болдубу? Жок. Өлкөнү эки эле адам башкарып жатпайбы? Жогорку Кеңеш “кнопка” баскандан башка эмнеге жарады...

 

- Оор шарттан чыгыш үчүн учурда эмнелерди жасаш керек?

 

- Оор шарттан чыгуу үчүн сөзсүз “кайырчы” болуп көрүнгөн мамлекеттен карыз сурап, алакандай мамлекетке бир чоң эмгектин деле кереги жок. Бизге болгону мыкты, патриот, эл үчүн иштеген кадр келсе, оор шарттан бат эле чыгып кетмекпиз. Кыргызстан өзүн-өзү багып кетет эле. Кыргызга кыргыз гана күйөт. Бизге эч ким даяр ашын бербейт, ошондуктан бизге эн башкысы ынтымак керек.

 

- Камакта жаткан оппозиционерлер боюнча оюңуз?

 

- Албетте, бул туура эмес көрүнүш. Баш көтөргөндү эле алып сындыра бериш туура эмес. Элибизде: “Катаал күндө баатырлар жаралат”, деген накыл кеп бар. Ошол жактарын дагы ойлонуш керек. Биз ар дайым эл менен элбиз. Турмуштук жолдо ачуу сын пикирлерге туруштук берип жашашыбыз абзел. Чындык эч качан жерде калбайт. Бул көрүнүш менен биз эч кандай жеңишке жетип, желекти көтөрүп алдыга чыга албайбыз. Бул көрүнүш жеңилгендиктин белгиси. Айкөл Манас атабыз айткандай, биз бир атанын балдарыбыз, бир эл-журтпуз. Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнагандын ордуна, биз кыргыздын тың чыкма уулдарын четке сүрүп айдап, калгандарын камап жарга такап жатабыз. Бул камоо жолу менен жазалагандык алсыздыктын белгиси.

 

- Азыркы саясатчылар менен коомубуздун өнүгөөрүнө үмүт барбы?

 

 - Коомчулук, эл, шайлоочулар өздөрү талап коюшту билиш керек! Талап коюп, анан ошол талаптардын аткарылышын үмүт этсе болот.

 

- Быйылкы жылдагы жаз менен күздө саясатта кандай өзгөрүүлөр болушу ыктымал. Тирешүүлөрдүн жыйынтыгында төңкөрүш сындуу коркунучтар болбойбу?

 

- Болбой эле койсун, бирок болуп кетиши толугу менен мүмкүн. Ага жүйөлүү себептер толтура. Тээ баягы эски бийлик доорундагы көйгөйлөр али да болсо чечиле элек. Ар келген жаңы бийлик элди алдоо, алаксытуу менен эле келе жатат. Кана, “Кумтөрдүн” элдин пайдасына иштегени? Кана таза шайлоо өткөнү ? Кана саясый куугунтук токтогону? Кана коррупция түп тамырынан жоюлганы? Чындыкты коркпой сүйлөгөндөрдүн баарын элге “мокочо” кылып көрсөткүлөрү келишет. Бир сөз менен айтканда тирешүүлөрдүн жыйынтыгы эч качан жакшылыкка алып келбейт. Мурунку президенттердей эле, эч кимди укпай отурса Алмаз Атамбаев дагы жалгыз калышы мүмкүн... Андыктан бул киши да атка минерлер менен эмес, эл менен эсептешиши керек. Эл өзүн азыркы бийликке алданып калгандай акыбалда калды.

 

- Канткенде жаңы муун бийликке келет?

 

- Кытайларда, “Бийликте жалаң карылар калса, ал трагедия, жалаң жаштар болсо комедия, тең салмактуулук сакталса, ал гармония”- деген сөз бар. Андыктан баардык жерде тең салмактуулук сакталыш керек. Учубуз куру эмес, акырындык менен бир топ мекенчил жаштарыбыз өз ойлорун коркпой ачык айтып, чоң саясатка аралашып калды. Кудайга шүгүр.

 

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.