Бишкек, “Саясат.kg”. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-январда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

 

Жолугушууда өзгөчө кырдаалдар мекемесинин башчысы президентке баяндама жасап, алдын-ала маалыматтар боюнча “Манас” аэропортуна жакын жерде “Боинг-747” жүк ташуучу учагынын кыйрашынын натыйжасында  бери дегенде 31 адам курман болгону жана адам сөөктөрүнүн 9 фрагменти табылганы тууралуу айтты.

 

Мындан тышкары Кубатбек Боронов куткаруучулар башка мамлекеттик компетенттүү органдар менен биргеликте аба кемесинин кыйроосунун кесепеттерин жоюу боюнча көрүп жаткан чаралар тууралуу баяндады.

 

Президент Алмазбек Атамбаев ӨКМга  учак кырсыгынын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга бардык зарыл жардамдарды берүүнү жана кырсык болгон жерде каргашанын кесепеттерин жоюу иштерин ылдамдатуу  тапшырмасын берди.