Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев “Коррупциялык укук бузууларды билдирген адамдарды коргоого алуу жөнүндө” мыйзам долбоорунда бир катар кемчиликтер бар экенин белгилеп, кайрадан карап чыгууга парламентке жөнөттү.

 

Аталган мыйзам 2016-жылдын ноябрында кабыл алынган. Анын максаты – коррупциялык укук бузуулар жөнүндө кабарлаган адамдарды коргоого алуу.

 

Атамбаев мыйзамдын жаралуу идеясын колдоого алып, анын мааниси чоң экенин белгилөө менен бирге, бир катар кемчиликтерин оңдоого токтолууда.

 

Алсак, мыйзам коррупция тууралуу кабарлаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди гана коргоого алуу жагын караган. Ошол эле маалда башка катмарларга кирген адамдар, жумушсуздар жана пенсионерлер коррупция жөнүндө кабарласа, бул мыйзам жардамга келе албайт. Демек, “мыйзам баарына бирдей” принцибине бул долбоор каршы келет.

 

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда коррупциялык фактыларды “шыбырагандарга” сыйлык акы каралган. Анын өлчөмү бир миллион сомго чейин жетет. Бирок, ушул күнгө дейре өкмөт аны каржылоо булактарын тапкан эмес. Ушул жагын да тактап чыгуу депутаттарга тапшырылды.

 

Чиновниктерге акчалай сыйлык акы төлөө каралган мыйзамдагы айрым нормалар коррупциянын жаңы каналдарын пайда кылуусу мүмкүн экенин да президент Атамбаев айтууда.